Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

ФАЛЛУЖАНЫН КАЛКЫНЫН КӨБҮ КАЧЫП-БОЗУП ЖҮРӨТ, КАЛГАНЫ ӨКМӨТКӨ НААРАЗЫ


Ишембиде эртең менен Ирактын Самарра шаарында бир нече жерде бомба жарылып, 30дан ашуун киши набыт кетти. Жанкечтилер бул ирет шаар акимчилигин, полиция бөлүмдөрүн бутага алышты. Ал тапта америкалык учактар сунни козголоңчулары топтошкон Фаллужа шаарына күчөтүлгөн чабуул коюшту.

Самаррада эртең менен үч машине удаасы менен жардырылганы кабарланды. Биринчиси шаар акимчилигине чукулдап барууга аракеттенген, жергиликтүү полиция башчысы "Ройтерс" агенттигине козголоңчулар андан башка дагы полиция бөлүмдөрүнө чабуул коюшканын айтып берген.

Самаррадагы кол салуулардан 30дан ашуун киши мерт болуп, дагы ондогон кишилер жараат алышканы маалымдалды. Алардын арасында жергиликтүү коопсуздук кызматынын башчысы, 4 полициячы да курман болушту. Козголоңчулар андан сырткары 10 полициячыны туткундап кетишкен.

Жума күнү ушул эле шаарда АКШнын күчтөрүнө жалданып иштеп жүргөн ирактык эки жигиттин сөөгү табылган. Аларды кимдир-бирөөлөр катуу сабап, аягында ок жаадырып өлтүрүшкөн экен.


Ал тапта америкалык учактар Ирактагы эң опуртал аймакка айланган Фаллужа шаарында ишембиге караган түнү башталган авиациялык чабуулун улантышты. Кабар агенттиктери ишембиде таңга маал шаарда 20дай жардыруу болуп, аба соккуларынан айлана алай-дүлөй боло түшкөнүн билдиришти. АКШлык учактар бомба таштап, кыйроого учураган имараттар арасында Фаллужадагы фабрика, курал-жарак сакталат деп шектелген курулуштар, медициналык жабдыктардын кампасы да болгон.

Шаардын 300 миңдей жашоочусунун көбү АКШ баштаган коалициялык күчтөр сунни козголоңчуларына каршы ири аскердик операциялар башталаарын эскерткендиктен, буга чейин эле үйлөрүн таштап башка жактарга кетишкен.


Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллави Фаллужадагы куралдуу тирешүүнү токтотууга мезгил бышып жетти деп белгиледи:

- Чатакты тынч жол менен чечүүгө мүмкүндүк калбай калган өңдүү. Фаллужалыктардын көбү шаардан чыгып кетип, ал жерде азыр террорчулар менен козголоңчулар аракеттенүүдө. Алар акылына келет деп үмүттөнөбүз. Болбосо, биз аларды калыстык менен беттештиребиз.


Кабарларга караганда АКШ аскерлери Фаллужада ири аскердик операцияларын баштоого камданып, Ирак өкмөтүнүн буйругун күтүп калышты. Шаарда калган чакталуу жашоочулар АКШнын аба чабуулдарына терең нааразы экенин тургундардын бири "Ройтерс" агенттигине айтып берген:

-Таравих намазынан кийин түнгө жакын АКШ аскерлери ушул имаратка эки ракета жаадырышты. Бул – убагында Сауд Арапстандын жардамы менен курулган оорукана. Абу-Мусаб ал-Заркави ушу жакта деп ким айтты аларга? Бул жерде бир да мужахидин же согушкер жок. Мен Ирактын өкмөтүнөн сурагым келет, силер улуттук бийлик өкүлдөрү катары бизди коргой албасаңар, биз деги кимбиз?


Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Фаллужадагы куралдуу эрегиштен улам Иракта январь айына белгиленген шайлоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG