БУУнун өкүлү Мануэл де Алмейда э Силва Кабулда өткөн пресс-конференцияда уюмдун кызматкерлерин бошотууга дагы бир ирет үндөдү:
- Биздин кесиптештерибизди кармап жаткандар алардын ден-соолугу начар экенин маалымат каражаттары аркылуу билдиришти. Менин айтаарым, барымтадагыларга медициналык жардам көрсөтүүнүн эң жакшы жолу – аларды азат кылуу.
Өткөн айдын этегинде Ооганстандагы президенттик шайлоону өткөрүүгө жардамдашкан чет өлкөлүк 3 жаран согушкер топ тарабынан уурдалып кеткен эле. Жасакчылар америкалык түрмөлөрдө отурган талиптерди коё берүүнү талап кылышууда.
Жума күнү жергиликтүү жазуучу жана журналист Хайфизулла Гашталай биздин кабарчыбызга БУУнун кызматкерлерин бошотуу аракеттери уланып жаткандыгын билдирип, буларды айткан эле:
-Уурдалып кеткендердин ар бири Ооганстандагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн иштеп жаткан кишилер. Алар биздин меймандарыбыз болуп эсептелет. Оогандардын маданиятына, пуштундардын салтына ылайык, биз мейман-досторго сый-урмат көрсөтүшүбүз керек.
Ишембиде болсо Кабулга Пакистандын президенти Первез Мушарраф келип кетти. Мушарраф эки өлкөнүн тең келечеги терроризмге каршы уруштун ийгилигине багынкы деп баса белгиледи:
-Ооганстандын терроризмге каршы күрөшүндөгү жетишкендиктери Пакистандын да ийгилиги, биздин ийгилигибиз - Ооганстандын да жеңиши болуп саналат.
Терроризм демекчи, 9-октябрь күнкү добуш берүүнүн ырасмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин өткөргөн пресс-конференцияда Карзай улуттук армия, полицияны калыптандыруу багытында иш алып бараарын ырастаган эле:
-Жаңы өкмөт Ооганстандын конституциясына ылайык түзүлөт. Өкмөт улуттук армияны, полиция жана башка кокопсуздук күчтөрүн жакшыртуу үчүн аракеттенет. Биз ушул убадабыз үчүн сиздердин добуштарыңыздарга арзыдык.
Президент ноябрдын этегине белгиленген ырасмий ант берүүгө чейин министрлер кабинетин аташы керек. Бирок байкоочулардын баамында көп улуттуу Ооганстанда бул бир топ кыйын болмокчу.
Этникалык пуштун Карзай лашкербашчылар өкмөткө кирбейт деп сөз берип келгени менен, ал расмий жыйынтыктарды көңүл сыртында калтыра албайт.
Президенттик атсалышууда экинчи болуп улуту боюнча тажик Юнус Кануни келди.
Ал эми өзбектер жана хазарлар өздөрүнүн талапкерлерине добуш бергени, айтпаса да түшүнктүү. Андыктан, Карзай коалициялык өкмөт түзүшү ыктымал дейт Эларалык кризис тобунун изилдөөчүсү Викрам Парех:
-Бир нече күн мурун Ооганстан прессасында болочок кабинеттин болжолдуу тизмеси жарык көрдү. Ал маалымат Карзайдын кеңсесиндеги булактан алынган өңдөнөт. Тизмеде пуштундар үстөмдүк кылат. Аны менен бирге Кануни, Достум өңдүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөр өтүп жаткандыгы кабарланууда. Бул жерде бир нече сценарий бар. Алардын бирисине ылайык, жаңы өкмөткө мурдагы Түндүк Альянстын өкүлдөрү да кирип калышы ажеп эмес.