Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

ИРАКТА ЧУКУЛ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Төрөкул Дооров, Прага 7-ноябрда эртең менен Багдаттын түндүк-батыш тарабында 180 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Анбар вилоятында эки жерде полициянын мекемелерине кол салуу болду. Козголоңчулар укук коргоо органдарынын 21 кызматкерин өлтүрүшкөн.

Иракта чукул кырдаал жарыяланды. АКШ баштаган коалиция күчтөрү ишемби күнү түндө Фаллужанын “козголоңчулар курал-жарактарын жашырышы мүмкүн” делген дагы бир канча обьектилерге абадан сокку урушту.

Шаарга дагы 10 миңдей коалиция күчтөрүнүн аскери топтолушу күтүлүүдө. Алар көптөн бери айтылып келаткан чабуулга кам көрүшөт.

Америкалык реактивдүү учактар менен деңиз аскерлери шаарга жакындап келишкени кабарланды. Алар жолдо куралчан козголоңчулар менен аткылашканын айтышты. 16 козголоңчу өлтүрүлүптүр, ал эми 2 америкалык аскер жарадар болгон.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Фаллужага жана Ирактын батышындагы айрым жерлерге соккунун күчөтүлүшү зарыл иш болгонун айткан:

- Фаллужадагы кырдаал оор жана туруксуз бойдон калууда. Шаарды калыбына келтирүүнүн мааниси Ирактын утурумдук өкмөтү үчүн да, биз үчүн да зор. Бул тез аранын ичинде аткарылып, Ирактын келечегин курууга, саясий жараянга активдүү катышууга аракеттенгендер менен козголоңчулардын барымтасына түшүүнү каалабагандар үчүн жасалышы керек.

Маалымат агенттиктеринин кабарлашынча куралчан адамдар Анбар вилоятындагы Хаклания жана Хадита шаарларынын полиция мекемелерине таң эртелеп эле чабуулун башташыптыр.

Хадитадагы окуяга күбө болгондор куралчан адамдар полиция кызматкерлерин колго түшүрүп, куралдарын таптып алышкандан кийин, аларды бир жерге топтоп туруп, анан ташбоордук менен атып салышканын айтышууда.

Ал эми Хакланиядагы окуя да ушундай эле сценарий менен өнүгүп, акыр аягында 6 адамдын көзүн тазаланган.

Иракта коопсуздукту күчөтүү максатында бул өңдүү каршылык ишемби күнү Самарра шаарында да болду. Бул окуяларда өзүн-өзү жардырышкан жанкечтилердин да катыштыгы болгондугу белгилүү болуп олтурат. Алардын карасанатайлыгынан баары болуп 33 адам мерт кеткендиги маалым. Өлгөндөрдүн арасында Ирактын улуттук гвардиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн командачысы да бар болчу.

Маалым болгондой сентябрда америкалык аскерий күчтөр Самаррага толук көзөмөлдү орнотушканын жана ал “суннилердин жеринде тынчтыкка жетишүүнүн натыйжалуу бир мисалы” болуп калганын белгилешкен.

Айрым серепчилердин оюнда бул жолку алкактуу кол салуулардын бир канча жерлерде болушу ушул тапта америкалык аскерлер менен курчалган Фаллужа шаарын басымдан бошотууга багытталган аракет болушу мүмкүн.

Бүгүн Багдатка АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж келгени маалым болду. Бирок анын сапарынын чоо-жайы тууралуу азырынча эч кандай маалымат айтыла элек.

XS
SM
MD
LG