Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

БИРИКМЕЛЕР ТҮЗҮЛҮҮДӨ. ЖАЛПЫ БИРИГҮҮ БОЛОБУ?


Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоо болот. Анын алдында өлкөдөгү саясий күчтөр биригүү жараянын башташып, шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүүгө кам көрүүдө.

Азыркы учурда үч саясий блоктун түзүлгөнү белгилүү. Алгачкылардан болуп май айында “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмеси куралган. Бирикменин жети жетекчиси шайлоонун адилет өтүшүнө гана көз салабыз деп жарыялашкан. Бирок алардын бир нечесинин президенттик шайлоого катышуу ниети бар экени көпчүлүккө белгилүү. Мына ушул маселе жана алардын башын кошкон бир лидердин жоктугу – бирикмеде оош-кыйышты жаратууда. Маселен, Мисир Ашыркулов жана Адахан Мадумаровдун Бакиевдин кыймылын карай кадам ташташы жөн жерден чыккан жок.

Атуулдук бирикмеден кийин тогуз партия биригип, Кыргызстан элдик кыймылын түзүшкөнүн сентябрь айында жарыялады. Бирикмеден айырмаланып кыймыл бир лидердин экс премьер министр Курманбек Бакиевдин айланасында баш кошту. Алар президенттик шайлоодо да бир лидерди колдоорун билдиришүүдө.

Кыймыл алгачкы курултайын өткөрүүгө кам көрүп жаткан учурда “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлери негизин түзгөн “Жаңы багыт” коомдук-саясий кыймылы түзүлгөнү ноябрь айынын башында жарыяланды. Интеллектуалдар түзгөн бул бирикмеде да лидер проблемасы бар. Мына ошондуктан да кыймылды жетектөө төрт тең төрагага, Муратбек Иманалиев, Ташболот Балтабаев, Султан Медеров жана Анвар Артыковго жүктөлдү.

Бул үч бирикмеден сырткары шайлоо жакындаганда бийликчил “Алга, Кыргызстан”, “Адилет” жана “Менин өлкөм” партиясы күчтүү топ түзөөрү турган иш. Алардын шайлоо алдында ыкчам жана масштабдуу иштери да белгилүү. Муну жергиликтүү кеңештерге шайлоо көрсөттү.

Мына ушул саясий топторго кирбей, күтүүчүлүк позицияда турган белдүү саясатчылар да арбын. Алардын ичинен улуттук масштабдагы саясий фигурага айланган Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин кайсы топко ыктаары өзгөчө мааниге ээ. Андан сырткары Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун кимдин кылычын чабаары да андан кем эмес мааниге ээ.

Ошентип саясий партиялардын жана фигуралардын блоктошуу жараяны соңуна чыгып баратат. Эми күн тартибине алардын өз ара кызматташуусу коюлууда. Бийлик алмашуусун жана адилет шайлоо өткөрүлүшүн максат кылып койгон “Адилет шайлоо үчүн” бирикмеси, “Кыргызстан элдик кыймылы” жана “Жаңы багыт” коомдук-саясий кыймылынын бир максатта иштеши мүмкүнбү деген маселе коюулууда. Журналист Султан Жумагуловдун пикиринде:

- Үч топ үч жакты карап турса да-аларды бир ураан бириктиши мүмкүн. Ал-эмки жылы бийликти демократиялык жол менен бийликти алмаштырабыз деген ураан. Мына ушул ураан менен алардын биригиши мүмкүн. Бул ураан келерки жылы өз ролун ойнобой койбойт. Ошондуктан үч топ абдан чоң күч болушу мүмкүн.

Ал эми “Аалам” гезитинин редактору Чолпонбек Абыкеев алардын биригиши мүмкүн эмес деген пикирде:

- Үч топтун бир топко биригиши мүмкүн эмес болуш керек. Анткени лидерлердин амбициясы күчтүү. Бул жерде “Жаңы багыт” менен “Кыргызстан элдик кыймыл” деген Бакиевдин тобу күчтүү. Ал эми “Адилет шайлоо үчүн” бирикмеси чачырап кетти окшойт. Алардын иши да байкалбай калды. Ошондуктан эки чоң топтун ортосунда эле чоң оюндар жүрөт окшойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG