Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

ШАЙЛОО ОКРУГДАРЫН КАЙРА ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ КОЗГОЛДУ


Бир катар коомдук уюмдар «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомду «Шайлоо кодексине» каршы келет деп эсептешет. Буга байланышкан коомдук талкуу «Борбор Азиянын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн» жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмелер тарабынан уюштурулуп, ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана парламенттин өкүлдөрү катышты.

Белгилеп койчу жагы, аталган токтомду 40 депутаттан турган комиссия иштеп чыккан жана 2003-жылдын 30-июнунда парламент тарабынан кабыл алынып, президенттин жактыруусуна ээ болгон.

«Борбор Азиянын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн» коомдук бирикменин башчысы, экс-депутат Адылбек Кадырбековдун билдиргенине караганда, шайлоо округдарынын тизмеси тигил же бул шайлоо округунун аймактык бүтүндүгүнө доо кетирүү аркылуу кабыл алынган. Башкача айтканда парламент токтомду кабыл алууда жеке кызыкчылыктарга жол берип, «Шайлоо кодексинин» 19-беренесин бузган:

- Ошол шайлоо комиссиясынын ичиндеги, андан тышкаркы депутаттардын келерки шайлоодо депутат болуп шайланышы үчүн өзүнө оңой боло турган жерлерди гана округ кылып түзүп алышкан. Бул - адам укугун бузганга алып келет.

Адылбек Кадырбековдун айтымында, мыйзам бузуулар Баткен облусунда басымдуулук кылат. Мындан тышкары Жалалабад, Ош облустарында да мыйзам бузуулар бар.

Токтомду иликтөөгө катышкан эксперттердин бири Марат Тазабековдун пикирине караганда, депутаттар тышкы чегара менен жанаша аймактарды бөлүштүрүүдө талапкерлердин укуктарына маани берген эмес:

- Маселен, шайлоо өнөктүктөрү башталганда талапкерлерге Тажикстан же Өзбекстан аркылуу өтүш кыйын болот. Паспорт, бажы өндүү маселелер бар. Аймактарды бөлүштүрүүдө депутаттар буларды ойго алган эмес жана бул - чоң проблемаларды жаратат.

Маселени негиздүү деп санаган депутат Зайнидин Курмановдун пикиринде:

- Бул жерге кубаттуу «мина» коюлган. Биз кабыл алынган чечимдин артын ойлобоптурбуз. Бул бүтпөгөн чыр-чатактарга жана талаштарга алып келет. Шайлоо өзү легитимсиз болушу мүмкүн. Бул мамлекеттик бюджетке чоң сокку урат.

Курмановдун айтымында, округдарды ушул калыбында калтыруу трайбализмге алып келет. Жагдайды оңдоонун бир жолу - Конституциялык сотко кайрылуу деп эсептеди депутат.

Ал эми депутат Николай Байло токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу долбоор иштеп чыгууну жана президентке, Борбордук шайлоо комиссиясына, Жогорку Кеңешке, акыйкатчыга кат жолдоону сунуштады.

«Адилет» партиясынын мүчөсү Алимжан Садыковдун пикиринде шайлоо жакындап калгандыктан кандай болгон учурда да токтомду кайра карап, териштирип чыгууга убакыт жетишпейт:

- Менимче бул эми болбойт. Анткени президенттин жардыгы аз күндө чыгат, шайлоо жөнүндөгү. Анан ал күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу чечсе болот. Мыйзам чыгаруу жыйыны кайра бул округдарды карабайт.

Ал эми токтомду иштеп чыккан топтун жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аймактык бөлүштүрүүдө кеткен кемчиликтерди оңдоого болот жана андай укук Борбордук шайлоо комиссиясынын колунда бар:

- Жанагыдай каталар Баткен облусунда кетсе кеткендир. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы администрация, облустук шайлоо комиссиясы менен биргелешип, буга түзөтүү киргизгенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, мындан өзгөчө чоң саясий тыянак чыгарыштын зарылдыгы жок деп ойлойм.

Шайлоо округдарын бөлүштүрүүдө одоно мыйзам бузуулар кеткен деген дооматка Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев ынанган жок. Анын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, токтомдун болжол менен 80% мыйзамдуу. Ал эми мыйзам бузууларды оңдоо иштерине Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо тууралуу президент жардык чыгаргандан кийин гана киришет:

-Жогорку Кеңеш ошол токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтмө берген. Эгерде сунуштар түшүп, каталар кетип калса беш күндүн ичинде оңдоого милдеттүүбүз.

Ал эми «Борбор Азиянын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн» жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» аттуу коомдук бирикмелер уюштурган коомдук форум «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомдун мыйзамдуулугун териштирүү сунушун билдирген катты Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына, акыйкатчыга жана Башкы прокурорго жолдомой болушту.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова чечимди минтип негиздеди:

- Ошол эле депутаттар, Борбордук шайлоо комиссиясы биздин пикирлерди туура кабыл алып, кайра отуруп, Шайлоо кодексине жана башка мыйзамдарга такап, туура түзөт жана шайлоочулар өзүнүн укугун туура пайдаланат деген үмүтүбүз бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG