Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Гаагадагы антитеррордук операцияда үч полицей жарадар болду


АМСТЕРДАМ. Нидерланддардын юстиция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бүгүн Гаагадагы антитеррордук операциянын жүрүшүндө гранаттын жарылуусунан үч полицей жаракат алды. Полиция кызматкерлери террорчулар жашынган деп шектелген үйдү курчап, аларды колго түшүрмөк болушкан.

Гаага полициясынын маалыматына караганда, операциянын жүргүзүлүшүнө байланыштуу тегеректеги көчөлөрдүн тургундары эвакуацияланды. Өкүлдөр операциянын майда-чүйдөсү жөнүндө айтуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG