Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

ФАЛЛУЖАДА СОГУШ АЙЫГЫШКАН ТАРИЗДЕ УЛАНУУДА


Шейшембиде Иракта 15 миңдей америкалык жана ирактык аскерлер Фаллужа шаарына чабуулун улантышты. Каршылык көрсөтүү айыгышкан мүнөздө болуп, согуш үймө-үй, көчөмө-көчө жүрүп жатат. Шейшембинин таңына чейин чабуул жасагандар кеминде бир чакырым алга жылып, шаардын эки ооданына кирип барышты.

Фаллужага дүйшөмбүнүн кечинде чабуулду АКШ аскерлери шаардын түндүгүнөн башташты. Мунун алдында шаардын батышында башкы оорукана жана Ефрат дайрасындагы стратегиялык мааниге ээ болгон эки көпүрө алынган эле.

Дүйшөмбүнүн түнүндө башкы максат шаарга баруучу жолдорду бомбадан арылтуу жана Фаллужанын түндүк кыйырындагы темир жол бекетин басып алуу болчу. Темир жол бекети алынгандан кийин, америкалык аскерлер жана алардын ирактык союздаштары Жолан жана Аскари оодандары аркылуу танктар менен жөө аскерлердин коштоосунда шаардын борборун көздөй жылып жөнөштү.

Америкалык аскерлер менен бараткан кабарчылар шейшембинин таңында коалиция шаардын борборун көздөй бир чакырымдай гана жылып, согуш үймө-үй, көчөмө-көчө жүрүп жаткандыгын маалымдашты. Чабуулга абадан америкалык согуштук учактар жардамга келип, шектүү жайларды бомбалап жатышат. Дарыгерлер дүйшөмбүдө 12 киши окко учканын айтышты.

Фаллужанын 300 миндей тургундарынын көбү акыркы айларда шаардан качып чыгышкан, бирок артында 50 миңдей киши калганы болжолдонууда. Пентагондун болжолунда, Фаллужада 1 миңден 6 миңге чейинки сандагы куралчан каршылык көрсөтүүгө тартылган.

Вашингтондо АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд дүйшөмбүдө кабарчыларга Фаллужа үчүн согуш куралчандар үчүн ири утулуш болот деп билдирди. Ошол эле убакта Рамсфельд Пентагондогулар Ирактагы каршылык көрсөтүү Фаллужа менен эле токтоп калбай тургандыгын белгиледи:

- Фаллужадан айрылса, экстремисттер көп нерсени жоготот. Ошондуктан алар утулушка жол бербөөгө аракеттенишет. Айтор, ушуну менен эле иш бүттү деш кыйын, дагы убакыт керек.

Рамсфельд ошондой эле коңшулаш Рамади жана Самарра шаарларында да ушундай чабуул пландаштырылып жатат деген божомолдорду ырастап же четке каккан жок.

Анын аралыгында, Багдадда эки чиркөөдөгү жана бир ооруканадагы жардырууда кеминде тогуз киши ажал тапты. Ал эми түндүк-чыгыштагы Бакуба шаарында козголоңчулар кеминде үч полиция бекетине кол салышты. Түндүктөгү Киркукта Ирактын Улуттук Гвардиясына каршы дүрмөттөлгөн машина менен чабуул жасалды. Бакубада курман болгондордун саны так болбой жатат, ал эми Киркукта үч киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG