Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

ФАЛЛУЖАДАГЫ УРУШ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ БАСКЫЧКА ӨТТҮ


Бүгүн Багдаддын борбордук бөлүгүндө бомбаланган автоунаанын жарылуусунан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми Багдаддан алтымыш чакырымча батышта жайгашкан Фаллужа шаарында уруштар уланууда. Америкалык жана ирактык аскерлер шаарды согушкерлерден тазалоо максатын көздөгөн операциянын жыйынтыктоочу баскычын өткөрүп жатышат.

Күбөлөрдүн айтымында Багдаддын борбордук - эл көп жүргөн, соода түйүндөрү жайгашкан бөлүгүндө орун алган бүгүнкү жарылуудан кеминде 10 адам өлүп, бир канча автоунаа талкаланды. Жергиликтүү полиция кызматкерлеринин биринин айтымында, жардыруу полициянын жолдо келе жаткан күзөтүн бутага алууну көздөгөндөй. Андан өмүрү кыйылган он адамдан башка, 20дай киши жаракат алды. Жардыруу болгон жерге жакын жайгашкан имарат уруп түшкөн. Түндүктөгү Мосул шаарында да болсо бүгүн полциянын бирнече бекети өрттөлгөн.

Козголоңчулар ушул дүйшөмбүдө Фаллужа шаарына ири чабуул башталгандан бери Ирактын полициясына каршы багытталган кол салууларды күчөттү.

АКШ армиясынын билдиргенине караганда алар чабуул башталгандан бери Фаллужанын 70%дайын ээлөөгө жетишти. Азыр уруш козголоңчулардын очоктору топтолгон шаардын акыркы – түштүк-чыгыш бөлүгүндө жүрүүдө. Уруш талаасындагы кабарчылардын билдиргенине караганда, майда топко бөлүнгөн козголоңчулар оор жоготууларга учуруп жаткандай. АКШ армиясы чабуул башталгандан бери он бир америкалык, эки ирактык жоокер курман болгонун ырастады. Алардын айтымында, ошондой эле "көптөгөн" согушкерлер жок кылынды. Фаллужанын түштүк-чыгыш тарабына өткөн түнү алдын-ала артиллериядан жана абадан сокку урулган эле, бирок козглоңчулар бул жакка чабуул коюуп жаткан америкалык аскерлерге каршылык көргөзүүсүн улантууда.
Бул жерде атүгүл үймө-үй уруштар орун алып жатат.

Козголоңчулардын огунан улам бүгүн Фаллужада АКШ аскерлеринин эки тик учагы чукул конууга аргасыз болду. Бирок учкучтар жабыр тарткан эмес.

Айрым кабарларга караганда, согушкерлердин бир тобу айланта курчалган Фаллужанын түштүк–чыгыш тарабынан курчоону жарып чыгып кетүүгө аракеттенүүдө. Бирок шаардын түштүк-чыгышында козголоңчулардын Багдадды көздөй жылуусун алдын алуу үчүн Британиянын 800 аскери жайгаштырылган. Фаллужадагы аскерий операция токтотулушун талап кылган козглоңчулар Ирактын премьер-министри Аяд Аллавинин үч тууганын да уурдап кетишкен болчу. Алар эгер чабуул токтотулбаса, барымтадагыларды өлтүрөрүн эскертишкен. Аллавинин кеңсесинин билдиргенине караганда, премьер-министр согушкерлердин талабын четке какты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG