Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

БАСМА СӨЗ КЫЗМАТТАРЫНЫН ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 11-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишин жакшыртуу маселелерине арналган үч күндүк "тегерек үстөл" жыйыны өз ишин аяктады. Анда басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгүнө, алардын массалык маалымат каражаттары менен болгон өз ара кызматташтыгына байланыштуу жана башка маселелер талкууланды. Басма сөз кызматынын жетекчилери жана журналисттер үчүн дарстар окулуп, атайын машыгуулар өткөрүлдү.

Маалымат кызматтарынын башкы максаты жана милдети – мекеменин ишин объективдүү чагылдыруу, өз убагында так маалымат таратуу.

Фридрих Эберт атындагы эларалык фондунун колдоосу менен президенттин маалымат кызматы тарабынан уюштурулган бул жыйынында басма сөз кыматтарынын ишиндеги кемчиликтер катары көпчүлүк басма сөз кызматтары өз ордун таба электиги, кадрлардын, техникалык жабдуулардын жетишсиздиги, басма сөз кызматында иштеген адистердин санынын аздыгы белгиленди.

Алгылыктуу кадамдар катары алардын дээрлик бардыгында интернет-сайттарынын түзүлгөндүгү, маалымат каржаттары менен байланыштарынын жакшыргандыгы айтылды.

Басма сөз кызматтарынын жетекчилерине дарс окуган Орусиянын “Маалыматка болгон эркиндик боюнча комиссия” аттуу укук коргоо фондунун төрагасы Иосиф Дзялошинский белгилегендей, мамлекеттик органдардын, мекемелердин деңгээлиндеги азыркы бийлик маалыматтык ачыктыкка тиешелүү баа бере албай жатат:

-Тилекке каршы, жетекчилердин көпчүлүгү маалыматты белгилүү өлчөмдө гана таратуу керек деп эсептешет. Алардын мындай мамилеси тигил же бул мекеменин ачыктыгына, коомдун өнүгүшүнө тосколдук кылууда. Биз иштеп жаткан пресс-катчылар азыр өздөрүнүн ишин жакшы билип калышты. Бирок бардык эле нерселер аларга байланыштуу эмес. Менин пикиримде, кыргыз басма сөзундөгү чон проблемалардын бири – саясий көз караштар боюнча журналисттердин арасындагы бөлүнүүчүлүк.

Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Курманбек Раматов маалымат кызматтарынын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу мындай дейт:

-Борбордук органдардын басма сөз кызматтарынын азыркы иштөө ыкмалары маалымат каражаттары үчүн, алар аркылуу элге маалыматтарды берүү үчүн өтө ыңгайлуу. Мамлекеттик органдардын иши азыр маалымат каражаттары үчүн ачык. Маалымат кызматтары мүмкүн болушунча тигил же бул мекеменин иши боюнча ачык-айкын чагылдырылышы үчүн аракеттерин жасоодо. Албетте, кемчиликтер да бар. Алардын бири – айрым чиновниктердин так маалыматтарды берүүдөн баш тартышы, басма сөз бөлүмдөрүндөгү кызматкерлердин жетишсиздиги. Бул кемчиликтерден биз арылышыбыз керек .

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мамлекеттик орган, мекемелердин иши боюнча ар кандай пикирде. Алардын бир бөлүгү маалымат кызматтарынын ишин оң баалаган көз караштарын айтышууда. “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары Догдурбек Юсупов бул жөнүндө:

-Басма сөз кызматтары дайыма өз убагында керектүү маалыматтарды берип турушат. Алар өлкөдөгү ар кандай тармактардагы жаңылыктар, окуялар өз убагында чагылдырылышына аракет жасап турушат. Менин пикиримде, басма сөз кызматтарынын иши канааттандырарлык,- дейт.

Ал эми бир катар эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү басма сөз каражаттарынын ишиндеги айрым кемчиликтерди белгилешүүдө. Буга байланыштуу “Би-би-синин” кабарчысы Султан Жумагулов мындай оюн ортого салды:

-Азырга чейин көпчүлүк мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары милдеттерин так түшүнө элек. Алар өздөрү иштеген мекеменин иштери жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды таркатууга кызыкдар болушу керек да. Алар болсо тескерисинче кандайдыр бир маалыматты тактоо үчүн аябай убара кылып, ошол маалыматты жетекчиден тактап берүүдөн же болсо жетекчи менен жолуктуруудан качышат. Бирок эми албетте, коңшу айрым өлкөлөргө караганда биздин мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары ачык.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Эмил Акматов чынында эле айрым учурдарда маалымат берүү боюнча кыйын жагдайлар да түзүлүп калган учурлар болуп калат дейт:

-Биз албетте журналисттерге колубуздан келишинче жардам беребиз. Бирок бардык нерсе эле маалымат катчынын же басма сөз кызматынын колунда эмес экен да. Мисалы, кээ бирде ошол керектүү маалыматты ошол замат тактап берүү үчүн керектүү бөлүмдүн жетекчиси жок болуп калат, же тактоо үчүн 1-2 күн талап кылынып калат. Мындай кыйынчылыктар бар.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG