Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

ЯСИР АРАФАТТЫН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Палестин автономиясынын башчысы, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчиси Ясир Арафаттын сөөгү 12-ноябрда Рамаллада акыркы жайына койулду. Сүйүктүү жол башчы, палестин элинин боштондук символу болуп калган Арафат менен коштошуу үчүн анын Рамалладагы кеңсесинин жанына он миңдеген мекендештери чогулду. Аянтка батпаган эл чеке-белдеги көчөлөрдө быкылдап, үйлөрдүн чатырларына чыгып турушту. Кылкылдаган эл ичинде Арафаттын сүрөттөрү, палестиндердин биримдигин сактоого үндөгөн ураандар желбиреп турду. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Рамаллага миңдеген полицейлер тартылды.

12-ноябрь күнү эртең менен Каирде Палестин автономиясынын лидери, Палестиндердин каршылык көрсөтүүсүнүн символу болуп калган Ясир Арафат менен коштошуу жөрөлгөсү уюштурулуп, ага 40тан ашык мамлекеттин башчылары, өкмөт өкүлдөрү катышты. Жөрөлгө Каирдин чет жакасында, Арафат туулуп өскөн ал-Калаа чөлкөмүндө жайгашкан аскердик базада өткөрүлдү.

Коштошуу ырасмисине келген меймандар Палестин автономисынын жетекчилигине, Арафаттын үй бүлөөсүнө көңүл айтып жатышты. Мисирдин баш имамы Мухамед Саед Тантави маркумдун жаназасын түшүрүп, куран окуду.

Андан соң Арафаттын жасаты аба унаасына салынып, Мисирдин аскердик кароолунун коштоосу менен Иордандын батыш жээгиндеги Рамаллага жеткирилди. Арафат өмүрүнүн акыркы үч жылын Рамалладагы кеңсесинде, үй камагында, суу менен электр жарыгы үзгүлтүк болгон шарттарда өткөрүүгө мажбур болгон.

Палестин жетекчилиги Рамалла анын убактылуу жайы боло турганын, мезгил келип жеткенде Арафаттын сөөгү мусулмандардын үчүнчү ыйык жери саналган Иерусалимде же арабча Куддус шаарына койулаарын билдирүүдө. Сөөгүн Куддус шаарына койууну Арафат өзү каалаган экен.

Рамаллада Арафаттын жайы боло турган жерге он миңдеген кишилер чогулушту. Тажияга келген адамдар аянтка батпай, айланадагы көчөлөрдө быкылдап, тамдар менен автоунаалардын үстүнө чыгып турушту. Аянтта Арафаттын сүрөттөрү менен "Палестина эгемен өлкө болот", "биримдигибизди сактайбыз" деген ураандар жазылган желектер желбиреди. Көптөгөн өлкөлөрдө Арафаттын тажиясы теледен түз алып көрсөтүлдү.

Палестин лидери Ясир Арафат 75 жаш курагында бейшемби күнү таңга маал Франциянын аскердик госпиталында эсине келбей жатып, дүйнөдөн кайтты. Арафат 1929-жылы Каир шаарында палестиналык соодагердин үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Ал жаш кезинен баштап эле "Палестин боштондук кыймылына" кошулуп, 1969-жылы анын аткаруу комитетинин башчысы болуп шайланып, бүткүл өмүрүн мекени Палестинаны боштондукка чыгаруу ишине арнаган.

Ясир Арафат дүйнөдөн кайткан соң Палестин автономиясынын президентинин милдетин аткаруу автономия парламентинин спикери Равдиге жүктөлдү. 11-ноябрда ант берген Равди 60 күндүн ичинде Палестин автономиясында шайлоо өткөрүүгө милдеттенди.

"Палестинаны боштондукка чыгаруу" уюмунун жетекчилигине Арафаттын Фаттах партиясынын мүчөсү, анын жакын жолдошторунун бири, палестин экс-премьери Махмуд Аббас шайланды.

Байкоочулар Аббас автономиянын президенттигине башкы талапкер болоорун божомолдоп жатышат. Алардын айтымында, Палестин автономия жетекчилигине заманбап саясатчылардын келиши туйукка такалган тынчтык жараянын жандантууга өбөлгө болот.

XS
SM
MD
LG