Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВДИН ОРУСИЯДАГЫ САПАРЫ КАРЫДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаевдин Орусияга сапары 14-ноябрда карыды. Мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен Камбар-Ата ГЭСтерин куруу, Канттагы аскердик базанын шарттарын жакшыртуу, региондогу коопсуздук өңдүү маселелердин тегерегинде сүйлөштү. Аскар Акаев бу жолу Санкт-Петербургдагы өзү окуган университетте мугалимдери жана курсташтары менен жолугушту.

Президент Аскар Акаев Владимир Путин менен эки жарым саат сүйлөштү. Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев Санкт-Петербургдан "Азаттыкка" телефон аркылуу билдиргенге караганда, президенттер коопсуздук жана кай бир экономикалык маселелер жөнүндө пикир алышты. Владимир Путин Нарын дарыясындагы Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулушун аягына чыгарууну убада кылды:

-Бул сапардын эң башкы жыйынтыгы катары бир нече долбоорлорду белгилейт элем. Бирок алардын ичинен эң башкысы - Камбар-Ата ГЭСтериинин курулушу болмокчу. Владимир Путин Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерин куруу боюнча буйругун берди. Ошондой эле орус өкмөтү мындан ары Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна инвестиция бөлмөк болду, - деди Абдил Сегизбаев.

Камбар–Ата ГЭСтеринин курулушуна совет убагында эле кам көрүлө баштагандыктан Орусияга бул курулуш абдан ыңагайлуу дешет эксперттер. Белгилүү ишкер Апас Сарпашев "Азаттыкка" билдиргенге караганда орус бийлиги муну колго алса эки жакка тең пайдалуу болот деген ойдо:

- Союз маалында эле Новосибирскиде жана Ленинградда Камбар-Ата ГЭСтеринин турбиналары жана башка элементтери жасалып калган. Алар эч бир башка ГЭСке туура келбейт. Ошондуктан Орусия ал элементтерди Камабар-Ата ГЭСтерине эле коюп бергени туура болот. Кытай учурда өзүнө чоң ГЭС куруп атат. Акыры алар бизден электр энергиясын бара-бара сатып албай калышы ыктымал. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСи ишкер кирсе Токтогул суу сактагычындагы сууну жөнгө салганга шарт түзүлөт дагы, коңшу өлкөлөргө өз талабыбызды коюп, айрым маселерди ортого койгонго мүмкүнчүлүк түзүлмөк,- дейт Апас Сарпашев.

Владимир Путиндин Ново-Огареводогу резиденциясындагы жолугушууда мамлекет башчылар Канттагы аскердик базанын учурдагы акыбалына да токтолушту. Бул базадагы шартты жана коопсуздук чараларын жакшыртуу маселеси да ортого коюлду.

Аскар Акаев Орусиянын экс-президенти Борис Ельцин менен да жолукту.

Ал эми Санкт–Петербургдун губернатору Валентин Матвиенко менен кичиГЭСтердин тетиктерин жасатуу, кыргыз студенттерин Санкт-Петербургдун абройлуу окуу жайларында окутуу өңдүү маселелер сүйлөшүлдү. Президент Аскар Акаев 1968-жылы өзү аяктаган Санкт-Петербургдагы маалымат технологиялары, механика жана потика университетинде лекция окуп, андан кийин өзүн окуткан мугалимдери жана курсташтары менен жолугушту. Орусияга болгон сапарынын соңку күнүндө Аскар Акаев панфиловчу 28 баатырдын эстелигине гүл койду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG