Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

СИНЬЗЯН–УЙГУР АВТОНОМИЯЛУУ ОКРУГУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА


Дүйшөмбүдө Кыргызстанга Кытайдын Синьзянь–уйгур атономиялуу округунун партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюан баштаган делегациясы келди. Ушул эле күнү делегация менен президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулады.

Кытайдын Синьзян-уйгур автономиялуу округунун партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюан баштаган делегациянын визитинин негизги максаты Кытай менен Кыргызстандын 2004-2014-жылдарда кызматташуусу жөнүндөгү программаны ишке ашыруу багыттарын аныктоо. Ал программага Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябаонун Кыргызстандагы визити учурунда кол коюлган. Ушундан улам делегация курамында СУАРдын гидроэнергетика, транспорт, телекоммуникация, кен иштетүү, айыл чарба тармактарынын жетекчилери кошо келишти. Ал эми кыргыз тарап аталган программанын алкагында Торугарт аркылуу өтүүчү Жалалабад-Кашкар темир жолун курууну тездетүүнү, Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун реконструкциялоону, нефть, мунай кендерин иштетүү, гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу, Торугарт,Эркечтам чек ара пункттарынын аймагында соода жайларын ачууну келечектүү багыттар деп эсептээрин өкмөт башчы Николай Танаев жолугушууда билдирди. Андан тышкары Николай Танаев Кыргызстан Кытайдан айыл чарбасына зарыл жер семирткичтерди алууга, телерадиостанцияларды жакшыртып, басмаканаларды өркүндөтүүгө, чек арадагы бажыканаларды жакшыртып, билим берүү тармагында да жардам алууга муктаж экендигин билдирди. Танаевдин айтымында, бул багыттардын ичинен кыргыз тарап биринчи кезекте Жалалабад-Кашкар темир жолун курууну тездетүү зарыл деген пикирде:

- Биз Кытай өкмөтүнүн, анын ичинде Кыргызстан менен чектеш СУАРдын Жалалабад-Кашкар темир жолун курууга каражат бөлүүсүн каалайбыз. Анткени, бул темир жолду куруу маселеси эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн учурунда чечилип, азыр инвесторду табуу гана калды. Кытайдын премьери Вэн Цзябао да Кыргызстандагы визити учурунда бул маселени чечүүгө аракет кылабыз деп айткан. Кытайдын жетекчиси Ху Цзиньтао президент Аскар Акаев менен жолугушкан кезде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин регионалдык долбоорлорун ишке ашырууга Кытай өкмөтү 900 миллион доллар бөлүп жаткандыгын айткан эле. Темир жол куруу долбоору да регионалдык долбоор болгондон кийин аны ошол 900 миллион доллардын эсебинен каржыласа болот.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, азыр темир жолду куруунун алгачкы техникалык-экономикалык негиздери даярдалып жатат:

- Азыр Кытайдын адистери темир жол куруунун техникалык-экономикалык негиздерин даярдоого зарыл шарттарды иликтеп жатат. Алар ошол отчетту даярдагандан кийин техникалык–экономикалык негиздерди даярдоого киришебиз. Анын гизинде темир жол куруунун жолу аныкталат.

СУАРдын партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюан жолугушууда темир жолду курууга алдын-ала эсеп боюнча 1 миллиард доллар жумшалат деп болжолдонуп жаткандыгын, бирок, азыр эки тарап тең кеткен чыгымды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жаткандыгын билдирди.

Визит маалында эки тараптын тең кызыгуусун пайда кылган дагы бир маселе гидроэнергеткалык ресурсту пайдалануу болду. Николай Танаев Сарыжаз дарыясынын мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну жана анын айланасындагы кендерди иштетип кызматташууну сунуш кылды. Анткени, Чүй-Ысыккөл аймактык өндүрүш комплекси деген ат менен совет доорунда даярдалып, кийин ишке ашпай калган долбоор боюнча Сарыжаз аймагындагы алюмминий, вольфрам кендерин иштетүү жана дарыя жээгинде ГЭСтерди курууга кеңири мүмкүнчүлүк бар. Жолугушууга катышкан вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, сунушка СУАРдын жетекчилиги кызыкдарлыгын билдирди:

- Кытай тарап Сарыжаз дарыясында гидроэлектр станция куруу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жаткандыгын айтышты. Алардын айтымында, ГЭСтен алынган энергияны металлды кайра иштетүүгө пайдаланып, анан металлды экспортко жиберүүгө аракет кылабыз.

Синьзян-уйгур автономиялуу округунун жетекчиси Ван Лэцюандын айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылы 230 миллион долларды түзсө, быйылкы жылдын 9 айында 290 миллион доллар болду. Бирок, аны көбөйтүү, анын ичинде Кыргызстандын Кытайга товар экспорттоо көлөмүн жогорулатуу зарыл:

- Ошол эле учурда Кыргызстан менен соодалашууда биз көп экспорттоп, импортту алаарыбызды аныктадык. Эгер ушундай баланс улана бере турган болсо эки өлкөнүн өз ара соодасын өнүктүрө албайт. Ошондуктан визит учурунда Кыргызстандан товар экспорттоо жолдорун аныктагым келет, - деди Ван Лэциан.

СУАРдын делегациясы Бишкекте дагы эки күн болуп, аталган маселелерди ишке ашыруу жолдорун тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге тереңирээк иликтейт.

XS
SM
MD
LG