Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

ИРАКТЫН ФАЛЛУЖА ШААРЫНЫН НЕГИЗГИ БӨЛҮГҮ КОЗГОЛОҢЧУЛАРДАН БОШОТУЛДУ


Ирактагы америкалык аскерий командачылык Фаллужа шаарынын ири бөлүгүндөгү турумдарды ээлегенин жарыя кылды. Шаарды толук көзөмөлдөө үчүн коалиция күчтөрүнө дагы бир нече күн талап кылынат, - деп билдиришти америкалык жогорку офицерлер.

Америкалык аскерий жетекчиликтин ырастоосунда, дүйшөмбүдө адабатчылардын позицияларына сокку уруу улантылып, курал-жарак, башка аскерий жабдыктар катылган туннелге чабуул коюлду.

АКШлык генерал Жон Саттлер эми козголоңчулардын өз өзүнчө болуп бөлүнүп калган калдыктарын жок кылуу үчүн 4-5 күн керек деди. Фаллужа дээрлик бошотулганын жарыялаган генерал жоокерлер үймө үй текшерүү жүргүзүп, тазалоо рейддерин өткөрүшөөрүн кошумчалады:

- Шаардагы ар бир имаратты адабатчы, жасакчы, террористтерден, курал-жарак, жардыргыч зат, бомбалардан тазалап чыкмайынча кетпейбиз.

Танкалык бригаданын кол башчылары болсо калаанын Шухада чөлкөмүндө согушкерлердин саны дагы эле көп экендигин маалымдашты.
Саттлердин айтымында, уруштун негизги бөлүгү Фаллужанын түштүгүндө болуп жатат. Аны менен бирге генерал америкалыктар бир жума мурун кайтарып алган түндүктө да козголоңчулар кала бергендигин тастыктады:

- Түндүк тарапта жана шаардын түштүк тилкесинде коопсуздук жана тазалоо операцияларын улантып жатабыз.

Командачылыктын билдирүүсүндө чабуул башталган 8-ноябрдан бери америкалык 38 аскер окко учту, 275 жоокер жарадар болду. Ирак армиясынын жоготуулары 6 кишини түздү. Салгылашуулар маалында 1 миң 2000дөн ашуун козголоңчу жок кылынды деп кабарланууда. Генерал Саттлердин айтымында, колго түшүрүлгөн 1 миңге чукул кишинин жарымынан көбү сурактан кийин кое берилиши ыктымал.

Ал эми Фаллужадагы адабатчылардын жетекчиси, иорданиялык террорист Ал-Заркави ошо бойдон кармалган жок. “Чындап айтсак, биз аны туткундоону башкы максат кылган эмесбиз. Негизгиси биз анын уюшмасын дээрлик жок кылдык. Заркави кайда экенинен кабарыбыз жок. Балким ал набыт болгондур”, - дейт генерал Саттлер.

Аскерлердин атайын тобу шаарды калыбына келтирүү иштери менен алектене баштады. Фаллужанын 250 миңдей тургунунун көбү чабуул алдында калаадан чыгып кетишкен. Камоолдо калган жарандарга суу, азык-түлүк, даары-дармек жеткириле баштады.

Фаллужа үчүн негизги кармаш аяктаганы менен, америкалык командачылык аны ийигиликтүү болду деп атоого шашылган жок.
Атын атабаган бир офицер айткандай, 2003-жылдын май айында Ирак согушун жеңдик деп жарыялаган америкалыктар эми өтө этият боло башташты.
Пентагондун басма сөз өкүлү Брайн Уайтмэн жеңиш тууралуу сөз кылуу али эрте, анткени менен америкалык жана ирактык жоокерлер козголоңчулардын ири чордонун жок кылууга жетишишти деди.

Анын аралыгында Ал-Жазиира телеканалы премьер Йад Аллавинин 2 тууганы барымтадан бошотулгандыгын маалымдады. Үчүнчүсү болсо согушкерлердин колунда кала берүүдө. Бирок бул кабар башка булактар тарабынан ырастала элек.

Кечээ Франциянын өкмөт башчысы Жан-Пьер Раффарэн август айында уурдалып кеткен франциялык эки журналист жөнүндө кабар түшкөнүн билдирди. “Алардын айдоочусу берген маалымат бизди бир аз болсо да тынчытып, үмүт пайда кылды”, - деди Раффарэн.

XS
SM
MD
LG