Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Бир аптага уланган салгылашуудан кийин америкалык аскерлер Фаллужа шаарын толугу менен өз көзөмөлүнө 15-ноябрда алганы тууралуу жарыялады. Эми өкмөттүк күчтөр калаанын көчөлөрүн жана үйлөрдү тинтүүдө, бирок козголоң Ирактын башка шаарыларына да тарады жана эми Мосул калаасына дагы бир миң эки жүздөй аскер жортуулга чыкты.

Америкалыктардын айтымында, бир аптанын ичинде Фаллужада 1200 согушкер өлтүрүлдү жана дагы ошончо адам туткунга алынды. Чабуул койгон тараптан 39 америкалык жана алты ирактык аскер курман болуп, дагы 320 адам жараат алды, алардын 130-дан ашыгы медициналык жардам алгандан кийин согуш майданына кайтты.

Чабуул башталаар алдында америкалыктар Фаллужанын калкына кайрылып, алардын шаардан чыгып кетишин сураган, бирок бир топ карапайым адам баары бир калаада калган. Бир нече күн бою шаар абадан бомбалангандыктан, алардын арасында көптөгөн жоготуулар бар. Фаллужанын атынын аталышын каалабаган аял тургунунун "Азаттыктын" Ирак бөлүмүнүн кабарчысына айтканына караганда, америкалыктар эч кимди аяган жок: "Бомбалоо абдан катуу болду, бомбалар үйлөргө, көчөлөрдүн жарымынан көбүнө тийди. Ал бомбалар көчөлөрдүн быт-чытын чыгарды. Каршылык көрсөткөн согушкерлер менен карапайым адамдарды алар ажыратып бөлбөстөн талкалады. Мен үйдөн чыга албай жаттым".

Эл аралык укук коргоо уюмдары Фаллужадагы салгылашууну дээрлик алаамат деп атап, чабуул койгон тарапты күнөөлөдү. Америкалыктар уруксат бербегендиктен, Ирактын Кызыл чырым жана кызыл жарым ай уюмунун машинелери шаардын камалган калкына гуманитардык жардам жибере алган жок. Премьер-министр Айяд Аллавинин айтымында болсо Фаллужага 16 жүк ташуучу машине менен медициналык жардам жеткирилди, шаардын чет-жакасында көчмө оорукана иштеп жатат жана америкалык аскерлер дагы элге жардам көрсөтүүдө.

Анткен менен америкалык жетекчилик бир аскерге каршы тергөө жүргүзө баштады. Америкалык "Эн-би-си" сыналгысы көрсөткөнгө караганда, ал жигит оор жараат алган ирактык согушкерди атып өлтүрүп салган. Эгер ал чын болуп чыкса, ал солдат аскерий эрежени бузган болот. Генерал Жон Сэттлердин айтымында, тергөө тыкан жүргүзүлөт: "Аскерий кагылышуулар боюнча мыйзамды биз аткарабыз жана өзүбүздү жогорку жоопкерчилик абалда кармайбыз. Бул окуя боюнча фактылар тыкан текшерилип, ага тийешеси бардын эч кимисинин укугу бузулбагандай акыйкат чечим чыгарылат".

Анткен менен Фаллужадагы салгылашуулар уланып жаткан кезде эле Ирактын башка шаарларында дагы козголоң башталган. Мисал үчүн Багдаддан түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан Мосул шаарындагы ондон ашык полиция түйүнүн өткөн аптада козголоңчулар басып алган жана 16-ноябрда шаарга бир миң эки жүзгө жакын америкалык аскер жөнөтүлдү. Шаар азыр курчоого алынууда жана ага келген жолдордогу көпүрөлөр жабылды.

Фаллужадан качып кутулган йорданиялык Абу Мусаб ас-Заркави болсо Ирак элине кайрылып, бардык шаар-кыштактарда америкалыктарга каршылык көрсөтүүгө чакырды. Заркавинин башы үчүн Вашингтон 25 миллион долар сыйлык жарыялаган жана Фаллужа дагы негизинен Заркавини туткундаш үчүн курчоого алынган, бирок ирактык согушкерлердин башчысы болуп эсептелген Заркави кармалган жок.

15-ноябрда Иракта кеминде беш жан кечти өздөрүн өзү жардырып өлдү, онго жакын америкалык аскер жараат алды. Багдаддан түндүк жакта жайгашкан Бакуба жана Бухриз шаарларында дагы салгылашуулар жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG