Коомдук форумга бейөкмөт уюмдардын, республиканын бардык аймактарынан келген жетекчилери, ЕККУнун өкүлдөру,шаардык прокуратуранын,укук коргоо органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда негизги маселе атуулдардын өз мүдөө-көйгөйлөрүн ачык билдирүүсүн жөнгө салып, коомдогу жаңжалдарды болтурбоо үчүн бийлик, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуу жолдорун аныктоо болду. Буга Конституциялык соттун 14-октябрда «Тынч митинг, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү»жөнүндөгү мыйзамдын жарандардын жүрүш,митинг өткөрүүсүнө чек койгон үч беренесин жокко чыгарган чечим кабыл алгандыгы башкы себеп болду.
Форумга катышкан бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, Конституциялык соттун ушундай чечимди кабылдашы- жарандык коомдун жеңиши. Бирок, мындан ары өз мүдөөлөрүн ачык айткан атуулдардын жүрүштөрүн күч менен басып келген тартип коргоо органдарынын иш багытын атуулдардын укугун коргоого буруу зарыл. Форумда мына ушул жагдайды ишке кандай жол жана ыкма менен ишке ашыруу керектиги талкууланып, жыйынтыктоочу документ катары бир нече пункттан турган сунуштар кабыл алынды. Анда бийлик Конституциялык соттун чечимине ылайык тыюу салуу саясатын өзгөртүү, эл аралык уюмдар адам укуктарын коргоо абалына байкоо салуу, укук коргоо уюмдары менен кызматташуу күчөтүү жана парламент мыйзамдарды жакшыртуусу зарыл деген сунуштар камтылды. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын баамында, муну менен форумда коомдогу чыр-чатактарды жоюу үчүн бийлик менен жарандык коом жоопкерчиликти сезиши жана атуулдардын укуктарын коргоодо тартип коргоо органдары жарандык коом менен тыгыз кызматташуусу зарыл деген жаңы тактика аныкталды:
- Биринчи кезекте жоопкерчилик зарыл. Анткени, эгерде жүрүштөр тынч болбой талап-тоноо же башка бузукулук иштер жасалса, ал Кылмыш-жаза Кодексине ылайык жазага тартылат. Ошон үчүн бүгүн жарандардын укук коргоо форматындагы принциптерди аныктап алдык.
Форумдагы талкуу маалында чыр-чатактар эмне себептен чыгат жана аны тынчтык жол менен жөнгө салууга бийлик даярбы деген маселеге катуу көңүл бурулду. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, чыр-чатактын түрү көп жана тартип коргоо органдары ошого жараша күрөшү зарыл:
- Чыр-чатактардын табигаты ар кандай болот. Эгерде коомдук тартип, саясий туруктуулукка каршы атайылап уюштурулган, бузукулук иштер болсо ага каршы күрөшүү керек,-дейт Ишенбай Абдуразаков,-Бирок, ошол эле учурда элдин Конституцияда жазылган укуктары бар. Алардын эң биринчиси - өз пикирин ачык, керек болсо митинг, демонстрацияга чыгып айтуу. Элдин ушул укугу эмне үчүн ишке ашпай жатат? Себеби, биздин укук коргоо уюмдары аны жакшы билбейт. Тартип коргоо органдары митингге чыгууга уруксаат берсе, ошол эле учурда митинг,демонстрацияга чыккан эл тартипти жана башкалардын укугун бузбай тарап кетсе, ага эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Эгерде биз аны жасалма түрдө чектеп, жасалма түрдө жол бербесек, анда,тескерисинче, элдин нааразылыгын пайда кылабыз. Ушул бийликке керекпи? Кереги жок. Ошон үчүн мындай аракеттерге эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Тескерисинче, эл арыз-арманын ачык билдирип турса бийлик аны чечүүгө аракет кылууга милдеттүү. Ошондо, биринчиден, эл өзүнүн эркиндигин сезет.Экинчи жагынан бийлик майда болсо дагы кээ бир маселелерди чечип турса коомдогу социалдык чыңалууну басаңдатат. Эми администрациянын ошону билбеген кээ бир өкүлдөрү бирдеме болсо эле уруксаат бербейбиз дешет. Мунун баары чындап келгенде бийликти коргоо эмес, кайра бийликке каршы багыттоо. Башкы коркунуч мына ушунда!
Ал эми форумдун катышуучуларынын көбү өкмөт, анын ичинде Ички иштер министрлиги чыр-чатактарды жөнгө салуунун эл аралык ыкмаларын пайдаланууга али даяр эмес деген ойлорун ортого салышып, аны кызматташуу жолун аныктоого арналган форумга өкмөт менен аталган министрликтин өкүлдөрүнүн форумга келбей койгондугу айгинелээрин билдиришти. Ушундан улам форумда чыр-чатактарды күч менен эмес тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн тартип коргоо өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бийлик жана калктын арасында укук коргоо багытында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.