Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

ТҮРКИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГДАГЫ РАСМИЙ САПАРЫ


Түркиянын Премьер Министири Режеп Ердоган 17-декабрда өткөрүлүүчү Евробиримдиктин лидерлеринин саммитин утурлап, Европа өлкөлөрүндө расмий сапарын улантууда. Ал кечекүнү Люксембургада болуп, Түркиянын мүчөлүк жараянын талкууга алды.

Түркиянын Премьер-министири Режеп Ердоган январь айында Евробиримдиктин кезектеги төрагалык нөөмөтүн өткөрүп ала турган Люксембургда иш сапры менен болуп, өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Шаршемби күнү Ердоган менен жолугушкан Люксембургдун премерь-министири Ян Члауде Юнчкер Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрү эмки жылдын биринчи жарымында башталуусу керек экенин билдирди. Айрым процедуралар убакытты талап кылгандыктан, сүйлөшүү жараяны 2005- жылдын экинчи жарымынында башталып калуусу дагы ыктымал экенин айткан Йунчкер, “толук кандуу мүчөлүк берүүнүн ордуна, артыкчылыктуу партнер деген өзгөчө статус берилүүсү”, тууралуу пикирлерди жактабаганын кошумчалады.

Люксембургтун өкмөт башчысы ошондой еле, Франциянын президенти Жак Ширак дагы ушунда көз карашта экендигин билдирди. Эмки айдын 17си күнү биримдиктин лидерлеринин саммитинде бекитилүүчү токтом, так , анык жана 2005-жылдын аралыгынан ашпай турган мүнөздө болорун белгилеп Юнчкер:

- Бул оюн эмес, олуттуу бир маселе. Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу кабыл алынуучу токтом Еврокомиссиянын Октябрь айындагы Түркия рапортунда камтылган сунуштарды этибарга албай кое албайт. Бир гана Анкарадан айрым тармактарда кошумча кадамдарды күтүшүбүз мүмкүн.

Кечекүнү Франциянын президенти Жак Ширак менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ошондой эле, ал дагы бул ойго пикирлеш экенин белгилеген Юнчкер: “Түркияга артыкчылык өнөктөш статусу берилсин, - деген Християн Демократ топтордун сунуштарын, “Түркияны кемсинткендик” катары четке какты; ошондой эле ал, сүйлөшүү жараянынын маселеси ачык болсо дагы, жыйынтыкта айтылган багыт Түркиянын толук кандуу мүчө болорун бекемдеди.

Маалымат жыйынында чыгып сүйлөгөн Түркиянын Премьер Министири Режеп Ердоган болсо, 17- декабрда Евробиримдике мүчө элдер чоң сынактан өтөрүн айтып, Анкара биримдик лидерлеринин ошол саммитинен, Түркия менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү баштоо жөнүндө чечимди күткөнүн билдирди. Түркия өзүнүн алдына коюлган бардык талаптарды аткарганын эскерте кетип ал: “Эми сынактан өтүү 17- Декабрда биримдике мүчө өлкөлөрүнүн чечимине байланыштуу. Буюрса алар, сынактан ийгиликтүү өтүшөт”.

“Биз өзгөчө мамиле талап кылбайбыз, башка талапкер өлкөлөргө көргөзүлгөн мамилени гана күтөбүз”, - деп уланткан Түркиянын өкмөт башчысы биримдиктин лидерлерин Түркияга карата адилеттүү болууга чакырды. Евробиримдиктин, маданияттар-аралык элдешүүнүн дареги болгон болбогону, эмки айда аныкталарын айткан Ердоган, “17-декабрга чейин Түркия Кипр жумуруятын таанып, аралдагы аскерлерин алып кетеби?” - деп берилген суроого жооп кайтарып, “17-декабрдын күн тартибинде Кипр деген маселе жок. Биз Кофи Аннандын планынын чегинде жүктөлгөн милдеттерди аткарып, референдумда тынчтыкты жактап чыктык. Түштүк Кипр болсо каршы добуш берди. Ошондуктан, мындай суроолор кипрдик гректерге коюлушу керек”.

XS
SM
MD
LG