Бейшембидеги билдирүүсүндө Путин өлкөнү башкаруунун системасын реформалоонун себептерине токтолду. Алардын негизгилеринин бири - шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр, Путиндин ишениминде, биринчиден, бийлик ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, экинчиден, региондордун жетекчилерине жергиликтүү экономикалык топтордун, же президент айткандай, уруулардын таасирин төмөндөтүү менен, үчүнчүдөн, мамлекеттеги башкаруу бийлигин бир күчкө топтоо, төртүнчүдөн, террористик коркунучтарды таамай көрсөтүү аракеттери менен байланыштуу.
«Губернаторлорду эл шайлабай, президент өзү дайындай тургандыгы элге ишенимдин жоктугун көрсөтпөйт» деп ойлойт Путин.
- Мында бир суроо пайда болот: эми эл өзүнүн губернаторун тандап алышына биз ишенбей калдыкпы? Албетте, суроо мындайча түзүлбөшү керек. Мунун мааниси бул системанын натыйжасыздыгында болуп жатат. Анткени, бизде, тилекке каршы, өнүккөн атуулдук коом түзүлө элек, алигече экономикалык, диний проблемаларды өзүндө майдалап, чече алуучу мыкты иштеген көп партиялуулук тартиби жок.
Андан ары Путин жумурияттагы саясий партиялардын түзүлүш жана иштөө тартибине киргизиле турган өзгөрүүлөргө да токтолду.
- Бизге региондордун өкүлчүлүгүн көрсөтө алган абройлуу, кадыр-баркка ээ, регион менен байланышы күч, ошол эле учурда, жалпы улуттук милдеттерди көрсөтө алган партиялар керек. Бул - биздин өлкөдөй көп улуттуу жана көп диндүү мамлекетте биримдикти сактап калуунун маанилүү инструменти, - деди Владимир Путин.
Президенттин билдирүүсүнө карата эксперттик коомчулуктун берген баасы бир жактуу болгон жок. Анткен менен көпчүлүк саясий байкоочулар президентте келечекке болгон ишеним азая баштагандыгы, Путин айласы кеткенде алдалап, өлкөдө стабилдүүлүк бар экендигине ишендиргүүгө аракеттенип жаткандыгын айтышат.
Сынчылар «Путин терроризмге каршы күрөш деген ураанды пайдаланып, мамлекетте авторитардык аракеттерин күчөтүп жаткандыгын» белгилешүүдө.
- Бул сын, чынында эле, акыйкат айтылды. Башкы коркунуч Кремль өзүндөгү бийликти башкара албай жатып эле, дагы бийлигин арттырууга аракет көрүп жатканында эмес. Эң коркунучтуусу – элдин саясий жараянга катышуудан дээрлик толук четтетилгендигинде. Губернаторлорду шайлоо бул кызматка тигил же бул адамдын келиши үчүн эле эмес, ошол эле учурда, демократиянын мектеби экендиги менен да маанилүү. Аны токтотуп койсок, эл өлкөнүн саясий турмушунан оолактап калат. Сунушталып жаткан реформанын ушул бөлүгү мени өзгөчө ойлонтот, - дейт «Карнеги» корунун Москвадагы өкүлү, белгилүү саясий эксперт Николай Петров.
Негизи, Владимир Путин өтүп бараткан жумада үч ирет саясий билдирүүлөрдү жасады. Алгач, шаршембиде, «жакын арада Орусияда жаңы ракета комплекси пайда болот» деп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салса, бейшембиде, өлкөнү башкарууда көрүлө турган реформалар тууралуу кеп курду. Бул тууралуу ойлору да азырга чейин жергиликтүү политологдор менен юристтерди таң калтырууда. Анткени президенттин айрым сөздөрү Конституцияга каршы келет экен. Бирок, ошол эле учурда, Путин Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу ою да жок экендигин ырастады. Андан ары, жума күнү орус президенти Чилиге жөнөп жатып, Чилинин журналистери менен да маек уюштурду.
Бул жолу Путин «демократия» тууралуу өзүнүн жеке көз-караштары менен бөлүштү.
- Демократиянын негизги принциптери орус коомчулугунда жөн эле колдонулбай, мындан ары да бекемделе берет. Биздин коом эми башкача жол менен жашай албайт. Тоталитаризмге кайра кайтуу өңдүү ой да болбошу керек. Бирок демократия десе эле, баш аламандыкка салып, ой келди нерсеге жол бере бербеш керек. «Эркин рынок» дегенди «мамлекетти талап-тоноо» деп түшүнбөш керек. Жалпысынан айтканда, биз анархия эмес, деморкратияны түзөбүз, - деди Чили журналисттерине берген маегинде орус президенти.