Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

ВИКТОР ЮЩЕНКО БШКнын МААЛЫМАТТАРЫНА ИШЕНБЕЙ ТУРГАНЫН АЙТУУДА


Ушул тапта Киевдин Эркиндик аянтында оппозиция лидери Виктор Ющенконун жактоочулары митинг өткөрүп жатышат. Ющенконун өзү болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтарына ишенбей турганын айтып, элди аянттан кетпей турууга үндөөдө.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоонун 21-ноябрда өткөн экинчи айлампасындагы добуштардын 98,23 проценти саналып бүттү. Анын жыйынтыгында премьер-министр Виктор Янукович 49,57%, ал эми Виктор Ющенко 46,57% алганы жарыяланды. Буга нааразы болгон он миңдей адам Киевдин борбордук аянтында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Виктор Ющенко "биз албетте бул шайлоонун утуп алдык, бирок ал жеңишти коргоо керек. Киевге азыр өлкөнүн булуң-бурчтарынан бул жеңишти колго алыш үчүн эл унаа менен, жөө-жалаңдап келатат. Нааразылык акциясы эми гана башталууда" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG