Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

«ЮКОС» НЕГИЗГИ БАЙЛЫГЫНАН АЙРЫЛГАНЫ ТУРАТ


Төрөкул Дооров, Москва Өткөн жумада Орусиянын федералдык мүлк кору Орус өкмөтү ЮКОС мунай компаниясынын негизги мунай өндүрүүчү ишканасы «Юганскнефтегазды» сатуу боюнча аукцион өткөрөөрүн жарыялады. Аталган ишкананын 77 пайызга жакын акциясын сатуу боюнча аукцион 19-декабрга белгиленген. Анын аралыгында ЮКОСтун башкы акционери МЕНАТЕП өкмөттүн бул аракеттерин токтотуп, ишкананы сактап калуу үчүн өкмөттү сотко берээрин кабарлады.

Орусиядагы ЮКОС мунай өндүрүүчү компаниянын кожоюну Михаил Ходорковский салык төлөөдөн качкан жана көз боёмочулукка барган деген айып менен камакка алынгандан бери эки жылдан ашуун мезгил өттү. Андан бери ЮКОСко тагылган айып боюнча компания тынымсыз карыз төлөп келди.

«Ал эми өткөн жумада белгилүү болгон кабар ЮКОС үчүн эң катуу жана чечүүчү күчкө ээ болгондой болду» деп жазды дүйшөмбүдөгү санында “Financial Times”. Анткени өндүрүшүнүн 61% түзгөн ишканадан айрылса ЮКОС мындан ары ийгиликтүү иштөө бери турсун, карызын төлөп берүүсү да күмөндүү экендиги айкын.

«Юганскнефтегаз» аукциондо сатылаары тууралуу кабарлаган Орусиянын федералдык мүлк корунун ырасмий өкүлү Александр Комаров бул тууралуу мындай деди:

- Ага катышуу арыздарын 19-ноябрдан 18-декабрга чейин кабыл алабыз. Аукцион өзү 19-декабрда өтөт. Ал эми акциялар пакетинин баштапкы наркы 246 млрд. 753 млн. 447 миң 303 рубль, - деди Орусиянын федералдык мүлк корунун өкүлү Александр Комаров.

Азырынча ишканага тагылган карыз жалпысынан 18,5 млрд. доллардын тегерегинде.

Буга чейин анын наркы талаш-тартыштарды жаратып келген.

Бир катар эларалык агенттиктердин маалыматында, айрым аналитиктер «Юганскнефтегаздын» баасы азыркыдан бир топ жогору болот ко деп болжошкон.

Негизи конкурс тууралуу айтылганга чейин эле бир топ эксперттер аны сатуу оңойго турбашын айтышкан эле. Анткени, алардын айтымында, ЮКОСтун бул ишканасында мунай өндүрүү боюнча жеке квотасы жок экен. Андыктан, Жаратылыш ресурстар министрлиги анын лизенциясын тартып алуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарбайт. Анын үстүн, МЕНАТЕП баш болгон ЮКОСтун акционерлери «Юганскнефтегаздын» сатылышын мыйзамсыз деп эсептешет жана каалаган учурда сотко кайрылууга укуктуу экендиктерин айтышты.

Бир канча банктар жана финансы топторунун башын бириктирип турган МЕНАТЕП орус өкмөтүнө нааразы экендигин өткөн жумада эле билдирип, аукцион өткөндөн кийин өкмөттү да, «Юганскнефтегазды» сатып алуучу жаңы кожоюнду да сотко берээрин билдирди.

Бирок Орусиянын өндүрүш жана энергетика министри Виктор Христенко ишкананы сатуу жана сатып алууда позитивдүү гана маанай бар экендигин баса белгиледи:

- Эгерде чындап эле «Юганскнефтегаз» сатылса анын жаңы кожоюну ким болбосун, анын ишин тездетип, өндүрүштү жогорулатууга умтулат. Андыктан башка маселелер мисалы, кожоюндун кайсыл мамлекеттен экендиги өңдүү суроолор маанисин жоготот. Аукцион бизге компаниянын реалдуу баасын аныктап берет.

Дүйшөмбүдө МЕНАТЕП ЮКОСтун ишканасынын сатылышы тууралуу мамилесинде дагы өзгөрүүлөр пайда болгонун билдирип, эми ал өкмөттү сүйлөшүүлөргө чакыраарын кабарлады.

Батыштык бир канча ири басылмалар, алардын арасында, буга чейин айтылган “Financial Times” жана “The Times” «Юганскнефтегаздын» сатылышы тууралуу терс мамилелерин жашырышкан жок. Алар батыш ишкерлери орус президенти Владимир Путиндин «ЮКОС проблемасы эреже эмес, машакатту жалгыз мисал» экендиги тууралуу сөзүнө ишенбей тургандыктарын жазышты.

XS
SM
MD
LG