Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

ДИНАРА АКУЛОВА ЫРДАЙТ: «АК КАЙЫК»


«Ырдап кой» аттуу түрмөгүбүздүн бул жолку мейманы - белгилүү ырчы Динара Акулова. Таанымал ырчынын угармандарга белгисиз жактары тууралуу сөз болот.

- Динара айым, «ырчы болсом» деген балалыктын балдай таттуу кыялдарына батып жүргөн күндөрдө, кийин таанымал ырчы болгондо деле турмушта ар кандай күтүлбөгөн окуялар болоорун, кезигээрин өзүңүз жакшы билесиз. Кесиптештериңдин арасында «Динара кичинекей кезинде шаңкылдаган тунук үндүү ырчы болсом, үнүм ачылсын деп, чийки жумуртканы күнүгө иччү экен. Ал турсун жумуртка алам деп сарайдын да учуп түшкөн, таяжесине көргөзбөй ондогон чийки жумуртканы ичкен күндөрү болуптур, эми жумуртканы көргүсү келбей жаа бою качат экен" деген да кеп-келечтер айтылып келет. Ушундай сөздөрдүн чын-бышыгын билиш үчүн, деги эле артистик турмуштун кызыктуу окуяларынан угармандарга кеп салып берсең?

- Ээ агай, артисттик турмушта көп эле кызыктуу окуялар болот. Айтса убакыт да жетпейт. Кичинекей кезимде карыган энемдин колунда чоңойдум. Тоокторубуз сарайдын үстүндөгү үйүлгөн чөптөрдүн арасында туучу. Энем карылыктын айынан сарайга чыга алчу эмес. Кечке жуук энем: "Ээ, балам, күн кечкирип баратат, камыр жууруп кесме жасайын, тооктор тууса жумурткасын чогултуп кел" дейт. Мен жумурткаларды көргөндө жөн эле көзүм күйүп чегип ичким келип кетчү. Тооктор үч жумуртка тууса экөөнү чегип ичип, кабыктарын чөптүн арасына катып коюп, бирөөнү алып келем да: "эне тооктордун бирөө тууптур" десем, энем: "өлүңдү көрөйүндөргө күнүгө эле жем берип атам, булар эмне болуп атат. Түмөнбайың менен жерге кир" деп урушат.

Энем чоочуганда "Түмөнбай" деп чочучу. Ошондон улам энемди "Түмөнбай2 дечүбүз.

Адаттагыдай эле бир күнү дагы сарайга чыктым. Энем эшиктин алдында отурган. Эмнегедир ошол күнү тооктор көп тууптур. Эки чөнтөгүм толду. Өзүм да жөжөдөй болуп сары көйнөк кийип алгам. Энемдин аты Асыл эле. Сүйүнгөндөн жоолугумду колума кармап алып: «Асыл энем, ардагым сен, таалайым менин энем...» деп, секирип атсам саман тешилип кетип, күп этип сарайдан кулап жерге түштүм.

Энем болсо: «ии, Түмөнбайың менен жерге кир кыйкырба, эл угат, уят дегем, сен ошол жерде туруп алып кыйкырып атып өлдүң. Кокуй башы жарылды. Түмөнбайың менен жерге кир" деп келип караса, эч жерим эчтеке болбоптур. Бир гана эки чөнтөгүмдөгү жумурткалар жанчылып, эки бетиме шыбалып калыптыр. Анан жумурткаларды алып үйгө келдик. Энем: "амансыңбы, тирүүсүңбү балам" деп, тооктордун уясын жерге салайын десе мен "жок, салбаңыз" деп, жанталаштым. Жерге уялар салынса, жумурткаларды өзү алып коёт да. Мен жумуртка иче албай калам да.

Бир күнү Түпкө энем менен таяжемдикине конокко барып калдык. Ашкананын эшиги ачылып калыптыр. Карасам жумуртка салган тордо (сеткада) жык-жыйма жумурткалар туруптур. Кыздар, балдар эшикте ойноп жүрүшсө, алардан акырын жашырынып аш үйгө кирип, эшигин жаап алып, эки сетка жумуртканы ичип салдым. Таяжем көрүп калып: "ии, бетим ий, жумуртканын барын ичип алыптыр. Өлүп калса кантем, кокуй эле, кокуй эне бу кызың жумуртканын барын ичип салыптыр" деп ызы-чуу болгонбуз. Бирок ошол күнү ошончо көп жумуртканы ичип алып, Кудай бир чоң сактаптыр. Азыркы балдарга эки-үч сетка жумуртка берсең мерт болуп калышы мүмкүн.


- Азыр да чийки жумуртканы ичип жүрөсүзбү?

-Азыр иче албайм - дейт Динара.

Эми кезекти Динара Акулова менен Бек Борбиевдин аткаруусундагы «Ак кайык» деген ырга берели.
XS
SM
MD
LG