Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

УКРАИНАДАГЫ САЯСЫЙ КЫРДААЛГА ТАЛДООЧУЛАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Украин бийликтери шайлоо учурунда жана андан кийин ар кандай мыйзам бузууларга жол коюлбасын эскерткен эле. Ага карабай жекшемби күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон Украин оппозициясы ордо шаар Киевде жана башка жерлерде массалык көчө жүрүштөрүн, граждандык баш ийбөө акцияларын уюштурууда. Эксперттер нааразылык акциясы кагылышууларга өсүп кетпейт, өкмөт жана оппозиция кырдаалды тынчтык жолу менен жөндөөгө кызыкдар деп боолгошот.

Жекшемби күнү Украинада өткөн президенттик шайлоодо премьер-министр Виктор Янукович 49,5%, ал эми оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко 47 процентке жакын добуш алышкан.

Бирок Ющенконун тарапкерлери добуш берүү көп мыйзам бузуулар менен өттү дешип, ордо шаар Киевде жана башка шаарларда өз тарапкерлерин көчөгө чыгып, бийликке баш ийбөөгө чакырууда. Өкмөт оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак болууда деп күнөөлөөдө.

Талдоочулар украин коомчулугу батышчыл Ющенконун жана москвачыл Януковичтин тарабын алып, жааташып жатканына карабастан, кырдаал тынч жөндөлөт деген ишеним бар.

Киевдеги бейөкмөт “Кайра жаралуу” изилдөө борборунун талдоочусу Александр Бетсанын байкашынча, өлкөдө “революциянын” болушуна жол берилбейт деп убада кылган президент Кучма шайлоодон кийинки кырдаал минтип курчуп кетээрин күткөн эмес.

-Биз бийлик абалды жөндөө максатында күч колдонот деп ойлобойбуз. Оппозиция да бийликтерди андай чарага барууга мажбур кылбайт. Эки жак тең маселени тынч чечүүгө умтулат. Оппозиция мыйзам бузуулар болгон шайлоо участкалары же округдар берген документтерди жокко чыгарууну соттон талап кылышы мүмкүн. Бирок андай болчу болсо, алар адегенде тартип бузуулар болгонун тастыктаган далилдерди топтошу абзел,-дейт Александр Бетса.

Башка бир байкоочулар Батыш өлкөлөрү президент Кучмага кысым жасап, аны оппозиция менен кызматташууга түртүшү ыктымал деп боолголойт.
Вашингтондо жайгашкан “Фридом хауз” уюмунун илимий кызматкери Адриан Карачинскинин сөзүнө караганда, тирешүүнүн жыйынтыгы Ющенконун тарапкерлеринин чечкиндүүлүгүнө жараша болот:

-Кыш да жакындоодо. Жакынкы күндөрү абанын температурасы нөл градустан да төмөндөйт. Эки-үч күн аяз кычырап турса, украиндер Киевде жана башка шаарларда өз укуктарын өжөрлөнө коргошобу же антпейби - аны билүү өтө кызык.

Кээ бир байкоочулар оппозиция менен бийлик ортосундагы эрегиштин натыйжасы Украин парламентинин позициясына да көз каранды экенин айтып жатышкан. Бирок парламенттин шейшемби күнкү жыйынында оппозициячыл депутаттардын Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушу кворум болбогондуктан өтпөй калды.

Леонид Кучманын кеңсеси саясый тирешүүнү болтурбоо үчүн оппозициянын жетекчилигин коалициялык өкмөт түзүүгө чакырышы мүмкүн деген да пикирлер да арбын. Адриан Карачинскинин кеби:

-Мен тирешүү башталаардан алдың мартабалуу өкмөт адамдары менен сүйлөштүм. Алардын мага айткан кебине карганда Янукович эки же төрт процент добуш менен жеңип чыгып, өлкө эки жаатка бөлүнүп калгандыктан, курама өкмөттү куруу зарыл болмок. Бирок ушу туштагы кырдаалда лидерлердин андай мунасага бараары күмөндүү. Менин билишимче, оппозиция тарап азыр бу сыяктуу талкууну жүргүзүп жаткан жок.

“Фридом хауздун” программасынын директору Александр Бетса оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таанууну кечиктирген сайын, аларды курама өкмөткө кирүүгө макулдук берет деп айтуу ошончолук кыйын болот деп боолголойт.

XS
SM
MD
LG