Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:28

УЛУТТАР УЮМУ: ТООЛУУ КАРАБАКТЫН ТАЛКУУСУ СОҢУНА ЧЫГА ЭЛЕК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 23-ноябрда Улуттар уюмунун башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн азери тышкы иштер министри Элмар Мамадьяров Арменияны мындан 10 жыл мурда басылып алынган жерлерге этник армяндарды отурукташтырып жатат, деп айыптады. Бирок Армениянын Улуттар уюмундагы элчиси бул кинени четке кагып, азери өкмөтүнүн Тоолуу Карабак маселесин Улуттар уюмунун кароосуна алып чыкканы жаңжалдуу маселенин тынчтык жол менен жөнгө салынышына кедерги болуп жатканын билдирди.

Тоолуу Карабак маселесин Улуттар уюмунун Башкы ассамбеясынын кароосуна алып чыгуу менен ырасмий Бакы 10 жылдан бери чечилбей келаткан проблемага дүйнө коомчулугунун көңүлүн бургусу келүүдө. Шейшембиде ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө азери тышкы иштер министри Элмар Мамадьяров ырасмий Бакы эларалык коомчулук тарабынан таанылган жалпы гуманитардык принциптер тебеленип, мыйзам боюнча Азербайжанга тийешелүү жерлерге армян калкы отурукташып жаткандыгы жөнүндөгү кооптуу кабарлар тастыкталгандыктан ушундай кадамга баргандыгын билдирди.

Сөз болуп жаткан Лачин, Келбадьяр, Зангилан жана Жабраил аттуу Тоолуу Карабак анклавынын айланасындагы райондордон согуш учурунда жүзмиңдеген азербайжандар үй-жайын, мал-мүлкүн таштап качышкан. Азыр алар Азербайжандын башка аймактарында эптеп чүргөп алган алачык үйлөрдө, адам чыдагыс оор шарттарда күн көрүп жатышат.

-Биз ЕККУнун ортомчулугу менен чечүүгө аракет жасалып келаткан бул маселеге Улуттар уюмун кийлигиштирели деп жаткан жерибиз жок. Маселе-тынчтык жараянына тоскоол боло турган жагдайдын пайда болгонунда. Эгерде минтип жүрүп отурса накта гуманитардык алаамат болушу мүмкүн,- деди Мамадьяров.

Бирок азери тарабынын мындай айыптоолорун Армениянын Улуттар уюмундагы элчиси Армен Мартиросян четке какты. Ошону менен бирге эле ал анын өлкөсү өзүнө тагылып жаткан киненин чын-төгүнүн аныктоо үчүн ЕККУнун ортомчулар тобунун алкагында атайын комиссия түзгөнүн кошумчалады. Элчи ошондой эле Азербайжан азери жерлерине армяндар отурукташып жаткандыгына байланышкан проблеманы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн түзгөн маселеден бөлүп, коомчулуктун көңүлүн башка жакка алагды кылгысы келип жатат, деп айыптады.

ЕККУнун Минск тобу ортомчулук кылып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдө Армения Тоолуу Карабактын армяндарына өз тагдырын өзү чечүүгө мүмкүндүк берүүнү талап кылып жатат.

-Территорияга байланышкан маселени Тоолуу Карабактын статусу аныкталып, анын калкынын коопсуздугу кепилденмейин чечүү мүмкүн эмес,- деп билдирди Мартиросян.

Ассамблеяда жарыш сөзгө келгенде Түркиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Азербайжан сунуш кылган резолюция долборун колдоп, ырасмий Бакынын кадамын "жаны ачыганга чыдабай уюмдан жардам сураган" кайрылуусу деп сыпаттады.

Бирок Минск тобунун АКШлык өкүлү Сюсан Моор бул чийеленишкен маселени жөнгө салууда Минск тобу талбай аракеттенип келатканына басым жасап, Улуттар уюмунда Тоолуу Карабак проблемасы боюнча жиктелүүгө жол берүүгө болбой тургандыгын эскертти. Моордун айтымында, маселени жөнгө салуу үчүн тараптар оболу бири-бирине болгон ишенимди калыбына келтирүүгө тийиш.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Тоолуу Карабак маселеси боюнча талкууну кийинчерээк улантып, колго койунуу чечти.

XS
SM
MD
LG