Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНЫН ИШИ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРООДО


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшембиде пленардык отурум өткөрө алган жок. Ага оппозициялык маанайдагы депутаттардын каттоодон өтпөй коюшу себеп болду.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишинин ыраатынын дээрлик эки айдан бери бузулуп жатышына өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси себеп болууда. Маалым болгондой оппозициялык маанайдагы 15тен ашуун депутат өкмөттүн мындай кадамына каршы болуп, маселенин каралышын токтотуу үчүн каттоодон өтпөй коюп, кворум жок болууда.

Анын натыйжасында палата «Түндүкэлектро» акционердик коомун концессияга берүү жана «Кыргызгаз» акционердик коомун менчиктештирүү маселесин кароого кирише албай турат.

Бейшемби күнү да палатага президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков келгенде-оппозициялык маанайдагы депутаттар каттоодон өтүүдөн баш тартышты.

Натыйжада кворум жок болуп, палатанын ишин жүргүзүү мүмкүн болбой калды. Ошого байланыштуу депутаттар ортосунда абалдан чыгуунун жолу боюнча талкуу башталды.

Өкмөттүн позициясын жактаган депутат Махмуд Күчүков төрагага кайрылды:

-Урматтуу Абдыганы Эркебаевич, биринчиден кворумду камсыз кылуунун үстүндө иштейли. Ал үчүн депутаттардын сессияга толук катышуусун камсыздоо керек. Бардык 60 депутат бул жерде болсо ишти үзгүлтүккө учуратып жаткан депутаттар алсыз болуп калат.

Бир катар депутаттар талаштуу эмес маселелерди кароону сунуштаганда депутат Темир Сариев каршы болду:

-Мен күн тартибинде турган жетинчи маселеден кийинкилерин карай баштайлы дегенге каршымын. Биз кандайдыр бир оюндардын катышуучусу болбойлу.

Маалым болгондой энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси палатанын күн тартибинде 5-6 катарда турат. Ошондуктан депутат Сариев аларды аттап өтүүгө каршы чыгууда.

Кворум болтурбоонун максаты тууралуу депутат Адахан Мадумаров буларды билдирди:

-Эгерде биз каттоодон өтсөк биздин добуштун ал жерде кереги жок болуп калат. Биздин үндү деле угушпайт. Залда кворум болсо алардын чечим кабыл алуусуна шарт түзүлөт. Анткени маалым болгондой алардын 35–36 кишиси бар. Мына ошолордун жардамы менен электр энергетика тармагын менчиктештирип, жеке адамдын колуна берүүнү чечишет. Ага жол бербеш үчүн бизде бир гана арга калууда - ал залдан кетпей, бирок каттоодон өтпөй коюу.

Ал эми депутат Алевтина Проненко бул талаштуу маселени референдум аркылуу чечүү зарыл деген оюн айтты:

-Негизинен цивилизациялашкан өлкөлөрдө мындай өтө олуттуу маселелер жалпы элдик референдумга коюлат. Биз азыр жок дегенде депутаттарды толук топтой албай жатып, бул маселени чечүүгө аракет кылганыбыз туура эмес.

Мына ушундай сунуштар айтылгандан кийин төрага дагы бир ирет каттоодон өтүүнү депутаттарга сунуштады. Бирок бул жолу да 24 гана депутат каттоодон өтүп, кворум болгон жок. Ошого байланыштуу Абдыганы Эркебаев жума күнгө чейин танапис жарыялап, жума күнү болсо талаш туудурбаган маселелер каралаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG