Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

УКУК КОРГООЧУГА БАЙЛАНЫШТУУ ҮЧҮНЧҮ ПИКЕТ ӨТТҮ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитети, анын үй-бүлөсү, туугандары 25-ноябрда да Ак үйдүн алдына чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул күнү Жалалабад облусунун Аксы районунда да укук коргоочунун 16-ноябрдан тарта дайынсыз жоголушуна байланыштуу массалык митинг өттү. Анын катышуучулары эгерде укук коргоочу жакынкы күндөрү табылбаса мындан ары ири акциялар өткөрүлөөрүн эскертишти. Өлкөнүн тартип коргоо органдары болсо Турсунбек Акунду издөө иштери улантылып жатканын айтышууда.

Өкмөт үйүнүн алдына чыккандар негизинен укук коргоочунун туугандары, жердештери, патриоттук кыймылдын мүчөлөрү жана Бишкектин тургундары болду. Турсунбек Акундун атасы Кыйтыке Мусабеков нааразылыгын мындайча билдирди:

-Ички иштер органдары тарабынан Турсунбекти издөө иштери жетиштүү түрдө жүргузүлбөй жатат. Эмесе, ал эмдигиче табылбайт беле? Эмне үчүн жалпы элдин акыйкатчысы бир кабар алып, басып келип койбойт? Кандай болсо да Турсунбектин аман-эсен табылышын талап кылабыз. Табылбаса, мен өлүмгө даярмын, өлүмгө даярмын!

Турсунбек Акундун «Атамды таап бергиле» деген жазуу менен плакат кармап турган 10 жаштагы баласы Нургазы атасын күтүп жактандыгын айтты:

-Мен атамды аябай сагындым. Анын келишин күтүп жатам. Бүт баарыбыз атамды күтүп атабыз. Атам тезирээк келсин .

Турсунбек Акундун жубайы Гүлмира Жапар кызы болсо алардын пикетке чыгышына милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып жактандыгын айтты:

-Биз бул жерге келсек көп милиция туруптур. Алар бизге сөз менен эле айтпай, түртүп, бул жерге турганга болбойт деп кууй башташты. Эми биз бул жерде кыйкырган жокпуз, жаңжал кылган жокпуз. Болгону өзүбүздун талабыбызды бийликке жеткиргени келгенбиз. Эми өзүбүздүн оюбузду да айтууга укуктуу эмеспизби? -деген Гүлмира көзүнөн жаш алды.

Пикетке чыккандар кепке кошулушту:

-Менин атым Заирбек Жумабаев. Нарындан келдим. Мына бул жерде «Демократия коркунучта» деп жазылып турбайбы. Демократия чындыгында коркунучта калды. Кыргызстанда демократия жок деп эсептейм. Мына 10 күн болуп баратат, Турсунбектин жоктугуна .

-Менин атым Молдокмат кызы Кумар. Турсунбек Акунду мен патриот катары эсептейм. Ал чыныгы укук коргоочу. Турсунбек Акун кайтып келсин. Эл үчүн кызмат кылсын.

-Мен Бишкектин тургунумун. Аты-жөнүм Жыпар Ашыркожоева. Мен Турсунбекти көптөн бери билем. Эл үчүн, жер үчүн жүрөгүн берген, ушунчалык таза, элинин укугун коргогон азаматтын бири. Бирок бир саясатка туура келбедиби, 10 күндөн бери дайынсыз жок. Ушул күндөрү жаамы журтубуз, элдин баары кан жутуп турат, чынын айтканда , - деди 71 жаштагы Бишкектин тургуну.

Ал эми ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов "Азаттыкка" Турсунбек Акунду издөө иштери оперативдүү түрдө жүргүзүлүүдө деп билдирди:

-Кечээ күнү ички иштер министрлигинде, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгында, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүндө Турсунбек Акунду издөө боюнча жаңы топ түзүлүп, оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми ички иштер министрлиги издөө иштерин жүргүзбөй жатат деген пикирлер туура эмес. Айрымдар болсо Турсунбек Акундун жоголушуна саясий боёк берүүгө аракеттенип жатышат .

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Садык Шер-Нияз болсо укук коргоочунун жоголушуна байланыштуу кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө мындай деди:

-Азыр акыйкатчы өзү ооруканада жатат. Улуттук коопсуздук кызматына жана ички иштер министрлигине атайын кайрылып, укук коргоочу Туруснбек Акунду издөө боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды берүүнү өтүнгөнбүз .

Бүгүн Аксы районунун Каражыгач айылында да Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна байланыштуу митинг өттү. Ага катышкан Адам укуктары боюнча кыргыз комитетитин түштүк региону боюнча жетекчиси Кубанычбек Маматкеримовдин маалыматы боюнча митингге 2 миңден ашуун адам катышты жана төмөнкүдөй чечим кабыл алынды :

- Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу бийлик тарабынан жасалган атайын сценарий деп эсептейбиз. Эгерде тез арада Турсунбек Акун табылбаса, биз массалык түрдө нааразылык акцияларды уюштурабыз.

XS
SM
MD
LG