Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

УКРАИНАНЫН ЖОГОРКУ СОТУ ЮЩЕНКОНУН АРЫЗЫН 29-НОЯБРДА КАРАЙТ


Бакыт Аманбаев, Киев Виктор Ющенко кечээ кечинде - Бишкек убактысы боюнча кечки саат ондордо митингге келип сөз сүйлөп, шайлоонун экинчи айлампасындагы мыйзам бузуулар боюнча берген арызын Жогорку сот 29-ноябрда карай тургандыгын билдирди.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын экинчи тур боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алышы мыйзамсыз болот.

Украинанын борбору Киевде беш күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. Ага Киевдин туш тарабынан жана Украинанын бардык областарынан эл агылып келип жаткандыктанбы, кечээ кечиндеги митингге байкоочулардын айтымында, мурдагы күндөргө караганда көп адам катышты.

22-ноябрда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Виктор Янукович шайлоонун экинчи айлампасында женип чыккандыгын жарыялаган. Ага нааразы болгон оппозиция өкүлдөрү шайлоонун экинчи турунда бир нече шайлоо округдарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын айтышып, Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорудагыдай чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Украинанын Жогорку сотуна арыз жолдошкон.

Виктор Ющенко кечээ кечинде - Бишкек убактысы боюнча кечки саат ондордо митингге келип сөз сүйлөп, шайлоонун экинчи айлампасындагы мыйзам бузуулар боюнча берген арызын Жогорку сот 29-ноябрда карай тургандыгын билдирди. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын экинчи тур боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алышы мыйзамсыз болот.

Виктор Ющенконун штабынын тараткан маалыматына караганда, 26-ноябрда Киевде Украинанын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кезексиз курултайы өткөрүлөт. Анда өлкөдөгү кырдаал талкууланат. Айта кетүүчү нерсе - Украина парламентинин (Жогорку радасынын) 23-ноябрдагы отурумунда оппозиция өкүлү Виктор Ющенко Библия кармап ант берип, өзүн Украинанын мыйзамдуу президенти деп жарыялаган.

Ал эми Украинанын жергиликтүү кенешинин депутаттары бүгүнкү курултайында кандай чечим кабыл алат - аны убакыт көрсөтөт.

Айтор Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун экинчи туру боюча кабыл алган токтомунан кийин өлкөдөгү саясий кырдаал бир кыйла курчуп кетти. Оппозициянын лидери Виктор Ющенко Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминен кийин украин элине кайрылып, өлкөнүн бардык аймактарында нааразылык акцияларын уюштурууга чакырды. Ал айткандай эле нааразылык акциялары Украинанын борбору Киевде эле эмес, башка айрым облас, шаарларда да өтүүдө.

"Европадагы байкоочулар сети" деп аталган көз каранды эмес байкоочулар миссиясы кечээ Украинанын Сум облусунда 50 миң адам катышкан митинг болуп, нааразылык акциясынын катышуучулары областык админстрациянын имаратына кирип барышкандагын жарыялады.

Мындан сырткары кечээ студенттердин жоон тобу Украинанын Билим берүү министрлигинин имаратынын алдына чогулушуп, наааразылык акциясын өткөрүштү, мындан сырткары Украинанын улуттук телерадио компаниясынын кызматкерлери иш таштоого чыгышкандыгын Виктор Ющенконун штабынан кабарлашты.

Жогоруда белгиленгендей, күндөн күнгө Киевдин борборундагы нааразылык акциясына катышкандардын саны арбууда. "Мындай нааразылык акциясынан кандайдыр бир жыйынтык чыгабы, эл сууктан үшүп тарап кетпейби" деген суроолорго наааразылык акциясынын катышуучуларынын айрымдары мындай жооп беришти:

-Бул - элдин тандоосу. Эл кимди тандап алса ошону колдойбуз. Эл акырына чейин күрөшөт деп ойлойм. Алар өздөрүнүн добушун коргоп калуу үчүн, чындык үчүн, эркиндик үчүн акырына чейин турушат деп ойлойм,-дейт өзүн Андрей деп тааныштарган атуул.

Ал эми "Украинаны Жогорку соту оппозициянын арызы боюнча кандай чечим кабыл алышы мумкун?" деген суроого дагы бир катышуучу мындайча жооп берди:

- Эгерде Украинаны жогорку соту Конституциянын негизинде чечим кабыл ала турган болсо, мыйзам бузуулар орун алган шайлоо участоктору боюнча Шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарышы керек. Луганск жана Донецк областарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алган. Ал боюнча далилдер бар. Эгерде Жогорку сот мындай көрүнүштөргө мыйзамдын негизинде карай турган болсо, бул округдардагы шайлоону жыйынтыгын жокко чыгарышы керек,-дейт Павел аттуу маектешибиз - ал нааразылык акциясынын катышуучусу.

Ошентип, Украинада нааразылык акциясы уланууда. Өлкөнүн аткаруу бийлиги мындай окуяларга азырынча кандайдыр бир чечкиндүү чара көрө элек. Белгилей кетүүчү нерсе - өкмөт башчы Виктор Януковичтин түзүлгөн саясий кырдаалды биргелешип талкуулоо тууралуу сунушуна Виктор Ющенко баш болгон оппозиция лидерлери "биз мыйзамсыз түрдө бийликке келүүгө аракет жасагандар менен сүйлөшпөйбүз» деп четке кагышты. Ал эми Жогорку сот кандай чечим кабыл алаарын алдын-ала болжоо кыйын.

XS
SM
MD
LG