Шейшемби күнү ИНТЕРФАКС агенттиги орусиялык өкүмөттүн атын атагысы келбеген өкүлүнүн "Абхазия саясий кризистен чыккыча Орусия финансылык жардам көргөзүүсүн токтото турат" деген билдирүүсүн таркаткан. Ал күнү “Роза ыңкылабы” жеңип чыкканга бир жыл толгонго байланыштуу Тбилисиде өткөн салтанатта президент Михаил Саакашвили:
-Биз Абхазия Грузиянын кучагына кайтып келет деп талаш жүргүзбөйбүз. Биздин байрак Түштүк Осетия менен Абхазиянын чегинде жаткан Урокс ноосунун үстүндө желбирегенде гана Грузия өзүн нагыз эркиндикке жетти деп эсептейт, - деди.
Грузиядан өздөрү бөлүнүп алган, бирок эч ким алардын мамлекеттүүлүгүн тааныбаган эки жумуриятты Орусия жөлөп-таяп түбү өзүнө кошуп алууну көздөп жатканын Саакашвили сынга алды.
Ошол эле 23-ноябрда Сухумиде аксакалдар кеңеши талапкерлер талашын чечти. “Азаттыктын” кабарчысы Наталия Шульгинанын билдиргенине караганда:
-Аксакалдар беш саатка созулган талаштан кийин шайлоодо арбын добуш чогулткан Сергей Багапшты Абхазиянын мыйзамдуу түрдө шайланган президенти деп таанышты.
Бул 3-октябрда өткөн президенттик шайлоодо алдыга чыккан эки талапкердин бири - Рауль Хаджимбанын – Москва өнтөлөгөн талапкердин утулушу дегендик эле. Ошол эле күнү Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев капилеттен эле билдирүү жасады.
Айта кетчү нерсе – Краснодар крайы Орусиянын Кавказ менен танапташ жаткан субъектиси:
-Эгерде 6-декабрга чейин тараптар бир пикирге келишпесе - мен бул сөздү баса белгилеп айтып коёюн – Абхазия менен болгон чекти жабыш үчүн демилгечи болом. Бул – бир. Пенсия төлөөнү токтотуу үчүн да демилге көтөрөм, - деди губернатор.
Анализчилердин баамында бул Москванын - абхаз аксакалдар кабыл алган чечимге каршы экенин билдирүү. 6-декабрга чейин дегени - ал күнү Абхазияда жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өтөт деген болжол бар. Шаршемби күнү болсо Сергей Багапш Москвага каяша айтты:
-Ткачев чегараны жаптырат, поездерди жүргүзбөй токтотот, пенсияны төлөтпөй салат. Орусия биздин кишилерге өз атуулдугун берерин берип алып, эми аларды кекетип-мокотуп, ошонусу үчүн аларды жасалашы жакшы эмес.