Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

ТУРСУНБЕК АКУНДАН ДАЛЕ ДАЙЫН ЖОК. ЖАЛАЛАБАДДА ДА ТЫНЧСЫЗДАНА БАШТАШТЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылдын башчысы Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна жалалабаддык адам укугун коргоочулар жана саясий уюмдар тынчсызданууда. «Жаны Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Асаба» партияларынын облустук бөлүмдөрү, "Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо" комитети укук коргоочунун жоголушун анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, тезирээк табуу талабы менен президент Аскар Акаевге бир нече жолу кайрылышкан. Аксылыктар укук коргоочу табылбаса саясий акцияларды кайрадан баштаарын билдиришүүдө.

Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акундун 16-ноябрдан бери табылбай жатышы - «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген ураанга шек келтирет, дейт укугун коргоочу Шарап Абдыкадыров. Ал Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушун президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо иши менен байланыштырды:

- Бул ишти атайын кылышты деп ойлойм, анткени андан эки күн мурун Турсунбек Акун Акаевди кетирүү жөнүндө кол топтоону баштаган. Акаев чет өлкөгө барганда адам укугун коргойбуз деп мактанат, иш жүзүндө андай эмес. Бул - тапшырма деп эле ойлойм. Мындай боло берсе адамдардын укугун кантип коргойбуз?

Шарап Абдыкадыров бийликти сындаган саясатчылар менен кесиптештерин этият болууга үндөдү.

«Атамекен», «Жаңы Кыргызстан» жана «Асаба» партияларынын обулустук бөлүмдөрү да Турсунбек Акундун табылбаганына тынчсызданып, «тийешебиз жок» деген өкмөттүк органдарга ишенишпейт. Аталган партиялардын мүчөлөрү өлкөнүн азыркы абалын талкуулаган жыйындарында укук коргоочуну батыраак табуу талабы менен президент Аскар Акаевге жана Жогорку Кеңешке да кайрылышкан.

Аксы районундагы «Кошдөбө» айылынын тургуну Сатылган уулу Эргеш 2002-жылдын 17-мартындагы окуянын кайталанбашы үчүн укук коргоочу элди дайыма тынчтыкка үндөп келгенин айтты:

- Эл үчүн кызмат кылып келди. Аксыдагы чоң жаңжалда Турсунбек Акун элди тынччылыкка, ынтымака үндөп, тирешүүлөрдөн сактап калган. Мен Турсунбек Акун табылып жана эли-журтунун алдына жүзү жарык болуп жана патриот элдерди баштап жүрүшүнө тилектешмин.

Кайгылуу окуяда жабыркагандарды коргоо комитети Аксы коогалаңы Турсунбек Акунду ички иштер кызматкерлери кармап кеткенде башталганын эстешип, эркин маалымат каражаттары аркылуу укук коргоочу табылбаса ар түрдүү акцияларды баштаарын жарыялады:

-Беш бала атылган Аскы жергесин коргоп жүргөндө Акаевдин отставкасы ошондо башталган. Турсунбек Акунду ошондуктан биринчи укук коргоочу катары баалайт Аксы эли. Турсунбек Акун табылбай турган болсо сөзсүз ар кандай акцияларга, жол тосууларга барууга даяр турабыз, - деди комитеттин мүчөсү Орозбек Балтабаев.

Областык бийликтин укук коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечеловдун маалыматы боюнча обулустун күч органдары да Турсунбек Акунду издөөдө. "Аксы районунан саясий акцияларды уюштуруу жөнүндө маалымат түшкөн жок жана укук коргоочуну издөөнү саясий иш-чаралар менен чечүү туура эмес" дейт ал:

- Жалалабад облусунда да улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер министрлигинин булактары аркылуу изилдөөлөр жүрүп жатат. Бул кандайдыр бир күтүүсүз аракеттерди жасай турган шылтоо эмес.

XS
SM
MD
LG