Сессияны адаттагыдай эле каныша Элизабет Экинчи ачты жана ал дагы өз сөзүндө эл аралык террорчулуктун коркунучу тууралуу айтып, өкмөт бир топ жаңы чара даярдап жатканы тууралуу билдирди:
-Азыр биз баарыбыз белгисиздик заманында, эл аралык террорчулук менен уюшулган кылмыш доорунда жашаганыбызды менин өкмөтүм түшүнөт. Ошондуктан өлкө жарандарынын аты-жөнү жазылган документтерди киргизүү жөнүндө мыйзам даярдалууда, андан тышкары Улуу Британия менен андан сырткары аймактагы террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча дагы жаңы сунуштар жасалат.
Британияда паспорт жок жана анын жарандары өлкөдөн сырткары чыкканда гана паспорт алат, ошондуктан паспорт сыяктуу документ киргизүү өлкөдөгү адамдарды каттап, алардын артынан көзөмөл жүргүзүүгө бир топ көмөктөшөт. Андан тышкары, өкмөттүн айтымында, террорчулуктан шектелип кармалгандарды ылдам жазалаш үчүн аларды жюри сотусуз соттош керек жана Британияда - АКШнын Федералдык тергөө бюросу сыяктуу уюм түзүү абзел.
Адам укуктарын коргогон уюмдар жана кээ бир башка эксперттер өкмөттүн бул демилгесин дароо катуу сынга алып, бул чаранын баары өлкөдө коркуу маанайын түзүп жана андан пайдаланып, май айында боло турган парламенттик шайлоодо жеңип чыгууну көздөгөн амал деп айтып чыкты.
Сессия башталаар алдында - 22-ноябрда кээ бир гезиттер чуулгандуу маалымат жарыялады. Алардын айтымында, кайсы бир террорчулар учак ала качып, Лондондун бийик имараттарына алар менен сокку урууга даярданып жатканда, өлкөнүн коопсуздук кызматы анын алдын алып, террорчуларды кармаган. Андай маалымат жарыялабаган "Индепендент" гезитинин журналисттеринин айтымында болсо, эч кандай андай окуя болгон эмес жана аны коопсуздук кызматы дагы тастыктады. Жөн гана сессия алдында өкмөт аны менен элди жана депутаттарды коркутуп, коопсуздук чараларын күчөтүү керек экенине аларды ишендирүүгө аракеттенген.
Бирок премьер-министр Тони Блэрдин айтымында, террор коркунучу чындап эле өтө зор:
-Бул чаралар элди коркуткандык деп айтылып жатат. Бирок полициянын саны көбөйгөндөн кылмыштуулук да азайганы чын. Биздин да өлкөгө, дүйнөнүн башка дөөлөттөрүнө дагы эл аралык террорчулук тарабынан пайда болгон коркунуч зор экени дагы чын.
Анткен менен жаңы мыйзамдар май айындагы шайлоого чейин кабыл алынбаш керек жана Британиянын "Жарандык эркиндиктер үчүн улуттук кеңеш" деп аталган уюмунун өкүлү Бэри Хагилдин айтымында, ага чейин дагы бир топ талкуу болуп, негизги эркиндиктер корголуп калат ал үмүттөнөт:
-Менин байкашымча, азыр парламентте дагы бир топ сын айтыла баштады, оппозиция гана эмес, Жумушчу партиясынын ичинен дагы сын чыгууда. Өкмөт сунуштаган чаралар толук ченемде ишке ашырылса, ал өтө эле аша чапкандык болот, мунун баары жөн гана коомдо террорчулуктан коркуу маанайын жаратууну көздөгөн саясат.
Өкмөттүн айтымында болсо, алар эч кимди коркутууну көздөгөн жок, жөн гана заман өзгөрдү жана ошого жараша аракеттенүү зарыл.