Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

УКРАИН ПАРЛАМЕНТИ ШАЙЛОО МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР МЕНЕН ӨТКӨН ДЕГЕН ЖЫЙЫНТЫККА КЕЛДИ


Ишембиде украин парламенти кезексиз сессиясына чогулуп, 21-ноябрда өткөн президенттик шайлоону жараксыз деп жарыялаган токтом кабыл алды. Депутаттар андан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясына ишенбөөчүлүк билдиришти. Бул күнү Украинанын чыгыш тарабында В.Януковичтин 150 миңдей тарапкерлери катышкан ири демонстрация өттү, Киевде оппозициячыл талапкер В.Юшенконун миңдеген колдоочулары нааразылык акцияларын улантышты.

-21-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мыйзам бузууларга орун берилгендиктен, ал элдин чыныгы эркин билдире албайт. Ушуга добуш берүүңүздөрдү өтүнөм,- деп кайрылган парламент спикери Владимир Литвиндин сунушун бул күнкү кезексиз сессияга чогулган 428 депутаттын жарымынан көбү колдоп добуш берди.

Литвин башында бул сунушту өзү киргизип "эки тарап бири-бирин массалык мыйзам бузууларда күнөөлөп жаткан чакта шайлоону жараксыз деп табуу – жалгыз туура чечим болчудай", деп негиздеген өз пикирин.

Бирок Украинанын мыйзамдары боюнча парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодо премьер В.Янукович жеңди деген чечимин жокко чыгара албайт, андыктан депутаттардын токтому юридикалык эмес, саясий күчкө ээ документ.

Парламент мүчөлөрү андан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясына ишенбөөчүлүк билдирип, анын жаңы мүчөлөрүн мыйзамга ылайык президент Кучма жакынкы күндөрү Жогорку Рададагы фракциялардын кароосуна сунуш кылышы керектигин жактырышты. Ошондой эле депутаттардын чечими менен 30-ноябрга чейин атайын комиссия түзүлүп, ал комиссия президенттик шайлоо маалындагы мыйзам бузууларды иликтөөгө киришмей болду.

Парламент мүчөлөрү талкуулаган шайлоо кризиси мурунку күнү Украинага барган эларалык ортомчулардын көмөгү жана катышуусу менен өткөн Виктор Ющенко менен Виктор Януковичтин жолугушуусунда чечилбеген бойдон калган. Ал сүйлөшүүдөн кийин президент Л.Кучма тараптар кагылышуу, күч колдонууну жактабай турганын жана өкмөттүн өз милдеттерин аткаруусуна жолтоо кылбоону макулдашышканын билдирген.

3 саттай созулган ал сүйлөшүүдөн чыгар замат Виктор Ющенко чогулуп турган элдин алдына барып, кризисти чечүүнүн бир гана жолу бар – ал 12-декабрда кайра президенттик шайлоо өткөрүү деп жарыялады.

Ал тапта Киевде миңдеген кишилер катышып жаткан демонстрацияларга ушуну менен жетинчи күн кетти. В.Ющенконун тарапкерлери кыштын суугунда күндүзү митингдерге катышып, кечкисин борбордук аянтта музыка угуп бийлеп, айрымдары түнкүсүн да ошол жерде тигилген чатырлардан кетпей күн өткөрүүдө.

Ишембиде Донецк шаарында премьер В.Януковичтин 150 миңдей жактоочулары ири демонстрация өткөрүштү. Айрым маалымат каражаттары Януковичти башынан колдоп келаткан Донецк менен Луганскта жергиликтүү кеңештер борбордук бийлик кырдаалды көзөмөлдөй албай калды деп, автономия жарыялап салганын кабарлашты. Азырынча Украинадагы кырдаал ушундай нукта өнүгүп баратат.

Дүйшөмбүдө Украинанын Жогорку соту оппозициячылардын шайлоодогу адилетсиздиктер жөнүндөгү арызын карайт. Ошондо гана 21-ноябрдагы шайлоодо жеңди деп ырасми түрдө жарыяланган премьер-министр В.Януковичтин келечеги аныкталышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG