Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

КИЕВДЕ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫ КҮЧӨДҮ


Украинда оппозицияны колдоочулар жетинчи күн катары менен демонстрацияга чыгышты. Парламент ишембиде шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан - Укранинанын улуттук жыйыны премьер-министр Виктор Янукович менен оппозиция өкүлү Виктор Ющенконун ортосундагы өткөн жекшемби күнкү таймашта көп эреже бузуулар болду деп айтылган резолюция кабыл алган. Бул резолюция бийликтин башка бутактары үчүн аткарылышы милдеттүү документ эмес. Ошого карабастан парламенттин бүтүмү оппозицияга жаңы шайлоо комиссиясынын жетекчилигинде кайрадан добуш берүү өтөт деген үмүтүнө үмүт кошту. Тараптар ошондой эле Жогорку соттун дүйшөмбүдө чыга турган бүтүмүнө кылчактап турушат.

Украин жергесинде оппозициянын колдоочулары баш калаанын борбордук аянттарында жык-жыйма толуп алып, мурдагыдай эле жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууну улантып жатышат.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктагандан бир жумадан кийин да оппозиция лидери Виктор Ющенконун он миңдеген колдоочулары Орусия колдогон өкмөт башчысы Виктор Януковичтин жеңүүчү деп жарыяланышына каршы катуу турушат. Күндүн улам сууктап баратканына карабастан, нааразылык акциясы улам күч алып баратканы байкалууда.

Жекшембиде Киевдин чок ортосундагы Көзкарандысыздык аяндында чогулгандардын маанайы көтөрүңкү болду. Коомдук жайларда колдонулуучу радиотүйүндөрдөн Ющенкону колдогон музыканттардын поп жана рок ырлары жаңырат.

Бул күнү славян чиркөөсүнүн өкүлдөрү да келип, чогулгандарда таат окушту. Киевдин борборунда демонстранттар орноткон эбегейсиз чатыр шаарчасында киши жүнүн жейт.

Парламентте ишемби күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган жарыяны жыйынга келген 429 депутаттын 255и колдоду. Ушул эле жыйында парламент Януковичти жеңүүчү деп жарыялаган Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним билдирбөөгө бүтүм кылды.

Аткарылышы милдеттүү болбогону менен бул резолюциядан кийин Ющенконун колдоочулары арасында "дагы бир шайлоо өткөрүлөт" деген үмүт бекемделди. Көпчүлүк ошондой эле Украинанын Жогорку соту эмне дейт деп кылчактап турган чак. Бул сот дүйшөмбүдө Ющенконун шайлоо жыйынтыгына каршы берген арызын карамакчы.

Орусияда президент Владимир Путин шайлоо өнөктүгү тушунда Януковичти жеңүүчү деп тааныган. Маскөө эларалык байкооочулардын украин шайлоосунда мыйзам бузуулар көп болду деген мүнөздөмөсүн четке кагууда. Дүйнөдө Орусиядан тышкары саналуу гана өлкө, анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан менен катар Кыргызстан Януковичке куттуктоо жиберишкен.

Украинанын президенти Леонид Кучма жекшембиде өлкөнүн коопсуздук жана коргонуу кеңешинде саясий кырдаалды талкуулады. Бирок Кучманын кеңсеси таркаткан билдирүүдө жыйынга Януковичтин катышпаганы айтылды. Көрсө Янукович Украинанын чыгышына, өз колдоочулары менен жолугушууга аттаныптыр. Донецкиде жекшемби күнү миңдеген киши шайлоонун ырасмий жыйынтыгын колдоп, контр-демонстрация өткөрүштү. Янукович бул областа бир кезде администрация башчысы болуп турган.

XS
SM
MD
LG