Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

КЫРГЫЗ УЛАМЫШТАРЫНДАГЫ «АЛТАЙ» АТАЛЫШЫНЫН МААНИСИ


Кыргыз калкы ХХII кылымдык тарыхында ар түркүн окуяларды башынан кечирген. Ошол орошон окуялар эл эсинде сакталып, алардын элестетүүлөрү дастан болуп айтылып калган. Мына ушундай кызыктуу аталыштардын бири албетте "Алтай" экендиги талашсыз.

Кыргыз элинин байыркы калк экендигин алардын бай фольклордук казынасынаН, эбегейсиз эпоСтор менен терең маанилүү уламыштарынан билсек болот. Кыргыздардын Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине таралышын жана өз мезгилинде ал аймактарда саясий үстөмдүккө жеткен жагдайын эки нерседен ачык байкалат. Биринчиси, "кыргыз" аталышы Борбордук Азиянын ар кайсыл жерлеринде учураса, экинчиден ушул аймактагы жер, суу аталыштары "кыргыз" элинин тарыхый эс-тутумунда сакталып жана дастан болуп айтылып калган.

Мына ушундай тарых табериктеринин бири – "Алтай" аталышы экендиги талашсыз. "Алтай" туурасындагы мазмундуу кабар, адегенде «Манас» дастанында айтылат:

«Чаткалга жыйган малы бар,
Чамасы келсе бу бурут
Биз менен чарпышам деген алы бар.
Мунун бирөөнү айда Иримге
Муну түшүрүп жибер тереңге
Бирөөнү айда Каңгайга,
бирөөнү айда кара калмак Алтайга.
Түп коргонун туз кылып,
түгөл айдап жоготкун!

Дастанда айтылган маалыматка ылайык, кыргыздардын адегендеги жери Алатоо аймагы болгон. Демек, касташкан душман кыргыздарды мекенинен сүрүп, туш тарапка чилдей тараткан. Бу жагдай да «Манас» дастанында көз жаздымда калган эмес:

«Кан буйругу эки эмес,
Кайран Балта, Жакыпты,
Кырк үйлүү кыргыз баш кылып,
Алтай көздөй айдады», - деп айтылат.

Сагынбай Орозбак уулунун вариантында кыгыздардын түпкү мекени туурасында:
-Кылым кыргыз эл деген,
Түп атасы булардын
Түркстанды жердеген,
Азып-тозуп ар жакка
Андан бери келбеген.
Билбейбиз кайда жүргөнүн,
Азыркысын угабыз
Алтай тоосун жердеген, – деп кыргыздардын Алатоодон Алтайды көздөй сүрүлгөндүгү кабарланат.

Кыргыздардын арасынан жыйналган тарыхый уламыштарга ылайык «алардын ата-бабалары Алтайда жашап, кийин Анжиянга келген» деп айтылат.

«Манас» эпосундагы жана тарыхый уламышта эскерилген «Алтай» аталышы чындап эле кыргыз элинин тарыхында болгон нерсе. Бирок ал кайсыл Алтай болушу мүмкүн? Айрым тарыхчылар Алтай десе эле азыркы Тоолуу Алтайды сүйлөшүп, кыргыздарга башка жерди ыраа көргүлөрү келишпейт.

Анткен менен Алтай тоосу тарыхый жана географиялык жактан бир канча бөлүктөн турат. Географиясы боюнча Алтай – Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы жана Гоби Алтайы деп үчкө ажыратылат. Тарыхый жактан Монгол Алтай аймагы байыркы түрк тилдүү калктар мекендеп, алардын өкүмдарлары мында ордолорун орноткон ыйык жер деп эсептелген.

Монгол Алтайында башында түрк кагандары, кийин уйгур кагандары ак сарай курушуп, мамлекет түптөшкөн. 840-жылы кыргыз Ажосу да ыйык жерди ээлеш үчүн уйгур каганатын талкалап, Монгол Алтайына өз ордосун орноткон. Мына ошол орошон окуя «Манас» дастанында айтылып, "Алтай" деген түшүнүк уламыштарда белгиленип калган.
XS
SM
MD
LG