Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

УКУК КОРГООЧУ ТУРСУНБЕК АКУНДУН ЖОГОЛУШУ САЯСИЙ КЫРДААЛДЫ КУРЧУТА БАШТАДЫ


Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун жоголгонуна 13 күн болду. 30-ноябрдан тартып Турсунбек Акундун жакындары Болот Айдаров, Нурлан Алымкулов жана Кыргызстан укук коргоо кыймылынын лидерлеринин бири Нурлан Мотуев ачкачылык акциясын башташат. Андан соң мындай акцияга укук коргоочунун башка тууган-уруктары, жакын санаалаштары кошулат. Ал эми «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылы» президентти отставкага кетирүү боюнча кол топтоону баштады.

Укук коргоочу менен кызматташып жүргөн "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова Турсунбек Акунду белгисиз бирөөлөр алдоо жолу менен уурдап кетишкен болуш керек деп дүйшөмбүдө билдирди жана аны өткөн жума күнү өзү күбө болгон окуя жакшы далилдээрин жарыя кылды.

Абдрасулованын айтымында, 26-ноябрда анын чөнтөк телефонуна белгисиз бирөө телефон чалып, "мобикард лотереясын утуп алгандыңыз, байгесин «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанынан келип алып кетиңиз" деген. Чакырган жигит менен болжонгон жерде кезиккенде ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Данияр Сапарбеков экендигин жана Абдрасулова көтөрүп жүргөн чөнтөк телефон мурдагы ээсинен уурдалып кетип, изделип жаткандыгын билдирип, аны бир жерге барып териштирүүгө чакырган.

Турсунбек Акундун жоголуусунан кийин өзүн белгисиз бирөөлөр уурдаганы жаткан экен деп шектенген Азиза Абдрасулова өзү менен бирге жүргөн адамдар менен кошо дүкөндү айлана качып кеткен. Ушундан улам Абдрасулова Турсунбек Акунду деле ушундай жол менен уурдап кеткен болушу керек деген ойдо:

-Балким Турсунбекке дагы ушинтип телефон чалышып кызыктырып, үйүнөн чакырып чыккан болуш керек. Андай божомолду жокко чыгарууга болбойт. Себеби, аялы «Улуттук коопсуздук кызматкерлери дегендер чалып, ошолор менен жолугууга кеткен» деп айтып жатпайбы… Мен кааласам, каалабасам дагы бул эки окуя бири-бирине окшош болуп жатат. Таңгалычтуу телефон чалуу, бейтарап бир жерде жолугушууга чакыруунун окшоштук жагы болуп жатат.

Ал эми ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов Турсунбек Акунду издеп жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 16-ноябрь күнү Т.Акундун үйүнө чөнтөк телефон аркылуу беш жолу чалган адамды аныктоо максатында ал адамды дүкөндүн жанына чакырышкандыгын билдирди:

- Ээсин табыш үчүн ошол телефон номерине чалышкан. Андан кийин дүкөндүн жанына чакырышып, ал жерге келгенден кийин биздин кызматкерлер телефондун ээси Азиза Абдрасулова экендигин билишкен соң аны кармабай эле кетирип жиберишкен. «Мени чакырып алып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына камаганы жатат» деп дагы бир чуу көтөрүп жибербесин деп, бейтарап жерден жолугалы деген максат менен жасалган иш. Демек, бул жерде эч кандай криминал жок. Азизанын өмүрүнө, ден соолугуна, анын укук коргоо ишине эч кандай коркунуч жок. Болгону - бир гана Турсунбекти табуу максаты менен жасалган аракет.

Жолдошбек Бусурманкулов ошондой эле «Турсунбек Акунду издөө жана коргоо» комитетине каражат топтоо үчүн көчөдө ырдап жаткан Сагынбек Момбековдун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалгандыгын мыйзамдуу деп билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар кадимки көрүнүштөрдөн атайылап чуу чыгарып, өздөрүнө саясий упай топтоо максатын көздөп жатышат:

-Турсунбекти издөө деген шылтоо менен эки ортодо жөндөн жөн эле чуу көтөрүп, андан пайдаланып, өздөрүнүн саясий беделин көтөрүп коёлу дегендери, менимче, абдан туура эмес. Турсунбек менен кызматташ болуп жүрүп, эми мынчалыкка баргандары жакшы эмес.

Ал эми Турсунбек Акун 29-ноябрга чейин табылбаса анын мамлекет башчысын кызматтан кетирүү үчүн элдин колун топтоо демилгесин улантаарын жарыя кылган «Эл үчүн реформа жана Акаевди кызматтан кетирүү» кыймылы кол топтоого кирише турган болду. Бул тууралуу дүйшөмбүдө кыймылдын мүчөсү, депутат Алевтина Проненко кабарлады. Президент Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча демилгени укук коргоочу Турсунбек Акун көтөрүп чыккан эле.

Укук коргоочунун жоголушун өз алдынча иликтеп жаткан эларалык «Фридом хауз» уюмунун укук коргоочуларды коргоо долбоорунун кызматкери Улугбек Бабакуловдун баамында укук коргоочунун жоголушуна бир нече себеп болушу мүмкүн. Бирок ырасмий издөө жүргүзүп жаткан тартип коргоо органдары бул уюм менен маалымат алмашып, Турсунбек Акунду табуу аракетин бирге көрүүдөн оолактап турат дейт Улугбек Бабакулов:

- Мен милициянын жетекчилери менен жолугуштум. Бирок алар эч нерсе айтпайбыз, сүйлөшпөйбүз деп туруп алышты. Мени ушул жагдай таң калтырып жатат. Андан тышкары мен берген суроолорго берген жоопторунда бири-бири менен байланышпаган маалыматтар көп болууда. Муну менен алар иштешүүдөн качып жатышат. Керек болсо белгилүү маалыматтарды деле айтып бергиле десем болбой жатышат. Милиция "Фридом хауздун" колунан эмне келет деп жатышат го…

Ал арада 30-ноябрдан тартып Турсунбек Акундун жакындары Болот Айдаров, Нурлан Алымкулов жана Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылынын лидерлеринин бири Нурлан Мотуев ачкачылык акциясын башташаарын жарыялашты. Мындай акцияга укук коргоочунун башка тууган-уруктары, жакын санаалаштары да кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG