Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын өкүлү Мартти Ахтисаари менен болгон алгачкы күнкү ырасмий жолугушуулар чакан чөйрөдө өтүп, ага журналисттер чакырылган жок.
Маалымат кызматтарынын тараткан кабарларына караганда жолугушууда Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөрдүн абалына, күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого, өлкөдөгү жана региондогу коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланган. Ахтисаари Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөрдү жогору баалап, реформаларга ар тараптуу жардам берүүгө ЕККУ даяр экенин билдирди.
ЕККУ акыркы бир жарым жылдан бери Кыргызстан менен ички иштер министрлигин реформалоо программасы боюнча тыгыз кызматташып келатат. Бул программа Аксы окуясынан кийин иштелип чыгып, ага 3,5 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бирок көп багыттуу бул программа ишке кирер алдында анын массалык кагылышууларды токтотууга пайдаланылчу желим ок өңдүү жабдыктарга байланышкан долбооруна бир катар бейөкмөт уюмдар каршылык билдирип чыгышкан.
Бул маселени укук коргоочу бир катар уюмдар ЕККУнун мурдагы төрагасы Яап де Хооп Схеффер Бишкекке келген учурда да көтөрүп, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бирок ал маселе боюнча каржылоочу тарап менен укук коргоочулар бир пикирге келе алышкан эмес.
Президент Акаевдин Ахтисаари менен жолугушуу учурунда белгилегенине караганда программа ишке ийгиликтүү ашып жатат. ЕККУнун колдоосу менен азыр полиция академиясын күчтөндүрүүчү бардык компоненттер да, милициянын үлгүлүү участогу пайда болду. Программаны улантуу үчүн каржылык колдоо көрсөтүүгө бир катар донор уюмдар макулдук берип жатышканын да белгиледи. Ушул эле өңдүү пикирин "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын" төрайымы Токтайым Үмөталиева да билдирди:
- Бул долбоордун техникалык жагы аткарылып атат. Эми калкка кеңири түшүндүрүү, окутуу иштери, тармактын өзүнүн кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү маселелери алдыда турат. Маселен, 1-май районунун тажрыбасында кварталдык милиция (полиция деп айтып жүрүшпөйбү) түзүү тажрыйбасы пайдаланылды. Эми кандай болгон учурда да реформаны илгерилетүүгө убакыт керек.
Мартти Ахтисаари аталган программаны бул жолку сапары учурунда жарандык коомдун өкүлдөрүнүн тобу менен талкуулаганы жатат. Шейшембиде өтө турган жолугушууга чакырылгандардын бири - «Интербилим» бейөкмөт уюмунун төрайымы Асия Сасыкбаева. Анын пикиринде программа реформаны ишке ашырууда мазмунга караганда формага көп көңүл буруп жатат:
- Реформаны баштаардан мурда негизги проблемаларды аныктоо керек. Башкы проблема милиция кызматкери эл арасында өзүн кантип алып жүрүшү керек экенинде эмес. Башкы проблема - коррупцияда, өз милдеттерин түшүнбөй жаткандыгында. Тартип коргоо кызматкерлеринин башкы милдети - адам укугуна шек келтирбестен туруп, мамлекетти өнүктүрүү. Чындап реформа жасаш үчүн маселени башынан аягына чейин салмакташ керек.
Асия Сасыкбаеванын пикирине караганда, форма кийгизүү, компьютер менен жабдуу өңдүү иштер реформага жатпайт, реформа - тартип коргоо кызматкерлери эмнеге милдеттүү, эмнеге укуктуу экендигин түшүнүп, аны турмушта колдонууда.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинен алынган маалыматка караганда Ахтисааринин иш сапары шейшембиде маалымат жыйынын өткөрүү менен соңуна чыгат.