Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

ЭКИ ПАЛАТАЛУУ ПАРЛАМЕНТ ҮМҮТТҮ АКТАДЫБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктарына бир нече ай калды. Ал Кыргызстандын тарыхындагы азырынча экинчи жана соңку эки палаталуу парламент болмокчу. Серепчилердин баамында, бул парламент Үзөңгүкууш чатагы менен Аксы окуясына кийлигишкени, ошондой эле Башмыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алганы менен элдин эсинде калат. Ал эми кай бир байкоочулар Жогорку Кеңештин бул чакырылышын үмүттү актабаган парламент катары мүнөздөшөт.

Азыркы эки палаталуу парламенттин мөөнөтү аяктаарына саналуу күндөр калды. Бул парламенттин беш жылдык ишине сереп салган айрым байкоочулар адегенде эле кемчиликтерин санашууда.

Президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мурат Укушев өкмөттүк гезиттер аркылуу бул парламентти үмүттү актабаган чабал парламент катары сүрөттөдү. Анын пикиринде өлкө үчүн зарыл мыйзамдар кабыл алынбай, ал эми кай бирде талкууланбай туруп бир күн ичинде 10 чакты мыйзам кабыл алынган учурлар болду. Мурат Укушев иш жүзүндө Жогорку Кеңештин эки палатасы бир палаталуу эки башка парламенттей иштеп, президент жана өкмөт менен өз ара мамилеси абдан татаал болуп келди деп санайт.

Бул парламент Акүй менен тил табыша алган жок, ошол эле кезде эки палата да бири бирине эрегишкен күндөр да болду деген ойлор айтылууда. ЕврАзЭСтин ишкерлер кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияров эки палаталуу парламент өзүн актаган жок деп санайт. Анын пикиринде, эки палата мыйзамдарды бири бирине түртүп, эрегишкенинин айынан зарыл мыйзамдар кабыл алынбай да калууда.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев болсо бул парламент эржүрөктүк жана батылдык кылган учурлар болду деп санайт. Бир катар коррупциялык чатактар боюнча коркпой-үркпөй, токтомдорду кабыл алып, өкмөткө сес көрсөткөн учурлар болгонун белгилейт. Бирок бул парламент айрым маанилүү маселелерде уттурду.

Муратбек Мукашевдин пикиринде Үзөңгүкуушту артка кайтара албаганы жана коңшу өлкөлөр менен чегараны такташууга чекит коё албаганы бул парламенттин чоң утулушу болуп саналат.

Бул парламенттин ийгиликтери басымдуулук кылат деген да ойлор бар. Мисалы, буга чейин кабыл алынган Бажы кодекси, Шайлоо кодекси, Башмыйзамдын жаңы редакциясы өңдүү бир катар мыйзамдарды белгилейт депутат Акылбек Жапаров.

Ал бул парламент Аксы окуясына аралашканы менен да тарыхта калат деп санайт. Депутаттын пикиринде, Аксы трагедиясынын күндөрүндө кесиптешинин эркиндикке чыгышы үчүн жана эл ичиндеги стабилдүүлүк үчүн парламент колдон келген аракетин жасаганын эч ким тана албайт.

Ысыккөл дубанынын губернатору бул парламенттин жакшы жактары көп дейт, бирок айрым депуттардын ишке келбей койгонунун айынан бүт палатанын иши токтоп калып атканына кейийт.

Жогорку Кеңештин айрым депуттары деле мурдагы чакырылышка караганда бул парламент азыраак иш жасаганын моюнга алат. Вице-спикер Кубатбек Байболов «бул парламент элдин эсинде Үзөңгүкуушту артка кайтара албай калганы менен калат, ал эми эсте калгыдай олуттуу деле иш жасаган жок» деп жооп берди.

Бул парламентке акчага келгенде алкымы чоң деген да айыптар тагылып келет. Мыйзамчы палатадагы президенттин өкүлү Мурат Укушев азыркы парламент мамлекеттик казынадан легендарлуу парламентке караганда 10 эсе көп каражат сарптап атканын «Слово Кыргызстана» гезитине жазып чыкты.

Бирок Жогорку Кеңештин депуттары мындай бүтүм менен макул эмес. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев мындай дейт:

-Айрым коорупциялык иштерди алалы, мисалы, "Жибекжолу" долбоорунан миллиарддаган акча жок болгон. Аны көп болсо 20-30 киши жеп койгон. Эл өкүлдөр жыйынынын бюджети 30 миллион сомдун тегерегинде. Эми мындай мисалды биринин артынан бирин санай берсек болот. Бюджеттин каражаты каякка кетип атыптыр - ошонун чындыгы айтылбай атпайбы. Парламенттин чыгымдарын айтканда башка бийлик бутактарыныкын деле кошо айтышпайбы. Мисалы, президенттик администрацияга канча коройт - аны эсептеген киши жок болуп атпайбы?!

1994-жылдагы референдумда Кыргызстан эки палаталуу парламентке өткөн. Он жылдан кийин гана кыргыз бийлиги кайрадан бир палаталуу парламентке кайтууну эп көрүп отурат.

XS
SM
MD
LG