Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

УКУК КОРГООЧУ ТУРСУНБЕК АКУН 15 КҮНДӨН КИЙИН ТАБЫЛДЫ


Укук коргоочу Турсунбек Акунду Бишкек шаардык №4 ооруканасынын жанына белгисиз бирөөлөр таштап кетишкендигин «Азаттык» радиосуна оорукананын нөөмөттөгү дарыгери Бактыбек Токторбаев кабарлады. Анын айтымында, укук коргоочу башынын ооруп жаткандыгын билдирип, өзүнүн дарегин «Азаттык» радиосуна кабарлоону өтүнгөн.

Турсунбек Акун «Азаттык» радиосунун ооруканага барган кабарчыларына Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алып кетип, газ менен дем алдырып жер төлөдө кармап жаткандыгын оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө билдирген. Андан кийин оорукананын эшигин тоскон 10 чакты милиционер кабарчыларды укук коргоочуга жолуктурбай жаткандыгын «Азаттыктын» кабарчысы ооруканадан билдирген. Ал эми Ички иштер министрлигинин нөөмөттөгү кызматкери Султан Бөрүбаев укук коргоочунун табылгандыгы тууралуу кабары жоктугун жана эч кандай маалымат бере албасын айткан. Улуттук коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген нөөмөтчү кызматкери да Турсунбек Акундун табылгандыгы тууралуу эч кандай кабары жоктугун, ал бул маалыматты жалган болушу мүмкүн экендигин билдирди. Ал эми буга чейин Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азимжан Турагулов Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун «Укук коргоочу Турсунбек Акунду Өзбекстандын аймагынан издесе болот» деген билдирүүсүн жокко чыгарып, Өзбекстандын атайын кызматы башка өлкөлөрдө жашыруун ишмердүүлүк кылбайт деп, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда билдирген эле. Укук коргоочу Турсунбек Акун 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголуп, аны издөө жана коргоо комитетинин үч мүчөсү кечээ ачкачылык акциясын баштаган.

XS
SM
MD
LG