Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

УКРАИНАДАГЫ ОКУЯЛАР, КАДРЛАР КАЗАКСТАНГА АГЫЛУУДА, ЭМИ ОЙГОНДУКПУ?


Кабыл Макешов, Бишкек 1-декабрда жарык көргөн “Республика” басылмасында дале дайны билинбей жаткан укук коргоочу Турсунбек Акун тууралуу кайрылуу жарыяланды, ”Вечерний Бишкек” гезити Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары темасына кайрылды.

Шаршембиде жарык көргөн “Республика” жумалыгында “Алга, Кыргызстан” партиясы үгүт өнөктүгүн эрте баштаганын, чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдарды өздөрүнүн атынан каалагандай таратып жаткандыгы тууралуу маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн чет мамлекеттерде кызмат кылып келген элчилеринин Жогорку Кеңешке шайлоого катыша албай калганы атайын жасалганын, Коопсуздук кеңешинин мурдагы төрагасы Мисир Ашыркуловго кол салды деген айып менен абакта, тергелип жаткан жигиттин өмүрү да коркунучта турганын ушул басылманын редактору Замира Сыдыкова жазды. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна байланыштуу “ Акаевди отставкага кетирүү жана эл үчүн реформа” кыймылынын мүчөлөрүнүн өлкөнүн калкына жана президент Аскар Акаевге кайрылуусу жана эл аралык Фридом Хауз уюмунун бул окуя боюнча тынсыздануусун жарыяланды. Ушул басылмага берген маегинде өлкөнүн билим жана маданият экс- министри Ишенгүл Болжурова “Эмне себептен “Кыргызстан Элдик кыймылынын” курамына киргенин, кыймылга бут тосуп, бөлүп- жарууга кимдер аракет кылып жатышканы” тууралуу айткан.

Уркаинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык акциялары темасына 1- декабрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы да кайрылып, Европа жана Батыш өлкөлөрү Украинанын эгемендүүлүгүнө доо кетирип, абалды курчутуп жаткандыгын журналист Ольга Безбородова жазды. «Украинадагы окуялардын арты кандай бүтөөрүн айтуу кыйын.Бирок, Украина сценарийин Кыргызстанга да колдонууну каалагандар өлкөнүн ынтымагын бөлүп жарышы ыктымал» деп божомолдойт кабарчы Эрлан Сатыбеков.

2-декабрда жарыкка чыккан «Трибуна» гезити Ысыккөл райондук айрым жетекчилердин жасалма жалган документтер менен үй сатуу фактыларын иликтөөгө алды. Басылманын баш редактору Ырысбек Өмүрзаков гезиттеги макалалар жөнүндө мындай дейт:

- «Прокурордун өздүк таарынычыбы же кесиптин деңгээлинин төмөндүгүбү?» деген тема менен белгилүү журналист Кубан Мамбеталиевге Эркин Биримкуловдун берген жооптору жарыяланды. Юрий Гребниковдун «Эми, ойгондукпузбу?» деген макаласында өлкөнүн шаарларынын көйгөйлөрү тууралуу сөз болуп, эл аралык уюмдардын жардамы менен социалдык маселелер кандайча чечиле баштаганы иликтөөгө алынат.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөнүн президенти Аскар Акаев кол койгон жаңы толуктоолор жана кошумчалар кирген Шайлоо кодексине ылайык, мамлекеттик кызматтагы чиновниктер шайлоого чейин 2 ай мурда арыз жазып, кызматтан кетүүсү зарыл. Бирок, ушул мыйзам аткарылабы?- деген суроо коюлуп, түрдүү пикирлер айтылат. Басылманын баяндамачысы Сыргак Абдылдаев бул жолу АКШ Жакынкы Чыгыштагы сценарийин Кыргызстанга колдонушу мүмкүнбү? деген суроого жооп издейт.

2-декабрда басууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» жумалыгында кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу гезит кызматкери Айша Курбанова мындай деди:

- Бул жолу экономика темасына басым жасалып жатат. Өлкөнүн экономика министри Амангелди Муралиев бул тармактын көйгөйлөрү жана келечеги жөнүндө кеңири кеп кылат. Мындан сырткары «Кадрлар коңшуларга эле керекпи? деген макалада өлкөнүн дарыгерлери менен мугалимдердин айлык акылары аз болуп, камкордукка алынбагандыктан Казакстан, Орусияга кетип жатышы тууралуу ойлор айтылат. Ошондой эле Бишкектеги жана Оштогу троллейбус айдоочулардын айлык акылары 500- 1000 сом болсо, коңшу өлкөлөрдө 500 долларга чейин акы төлөнүп, кыргызстандык тажрыйбалуу айдоочулар да ошол жактарга кетип жатышы жөнүндөгү макала да даярдалып басылганы турат.

Жума күнү жарык көрө турган “Адабий гезит” басылмасындагы макалалардын мазмуну жөнүндө редактордун орун басары Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

- «Маркумду баары эскерет» деген темада Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевди замандаш акын- жазуучулары эскерип, анын чыгармачылыгы, адамдык сапаттары тууралуу кеп кылышат. «Мамлекеттик тил- улуттук кенч» аттуу конкурска арналган макалаларга да орун берилүүдө.
XS
SM
MD
LG