Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

УКУК КОРГООЧУ КАНТИП ТАБЫЛДЫ?


Мурда “Азаттыкта» кабарлангандай, 15 күндөн бери дарексиз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акун кечээ кечинде табылып, Бишкектеги №4 оорукананын травматология бөлүмүндө.

Дарыгерлердин билдиргенине караганда, Турсунбек Акун аталган оорукананын кабылдамасына 1-декабрь күнү саат 18.00 чамалаш өзү келген.. Укук коргоочунун табылышына байланыштуу ооруканага анын аялы, жакындары, Фридом хаус, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү, укук коргоочулар, байкоочулар жана журналисттер арбын чогулушту. Расмий бийликтен Коопсуздук кызматынын, Бишкек шаардык, Ленин райондук ички иштер кызматынын жетекчилери болду.

Бирок, журналисттерге жана башка кызыккан тараптарга укук коргоочунун абалы менен кенен таанышууга мүмкүндүк берилген жок. Алгачкы кыска жолугушууда Турсунбек Акун өзүнүн дарексиз жоголушун атайын кызматтар менен байланыштырган болчу.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Дүйшөмбиев Турсунбек Акундун саламаттыгы жөнүндө алгачкылардан болуп маалымат берди:

- Ал-акыбалы жакшы. Эч кандай көгөргөн жери жок. Денеси таза, өңү таза. Кийими таза. Анан кайда жүрдүң десем, азыр кыйналып атам, дарыгерлер карасынчы, анан айтып берейин деди.

Ушундай эле пикирди Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жумакеев айтып, Турсунбек Акундун сакалы гана өскөнү болбосо, бардыгы жайында деди. Ошондуктан,ал эгерде дарыгерлер бул пикирлерди бышыктаса, укук коргоочуну үй-бүлөсүнүн колуна тапшырарын билдирди.

Бирок, жубайы укук коргоочу жайгашкан бөлмөгө дароо киргизилген жок. Мындай мамиле бейөкмөт уюмдарынын нааразылыгын жаратты. Алардын бири «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мындай деди:

- Азыркы учурда Гуля эжени, аялын киргизбей жатканы – мыйзамсыз. Де-факто бул Турсунбек Акунду камакка алгандык. Эмне себептен аялын киргизбей атат? Кандай укуктары бар?

Укук коргоо кызматкерлеринин тыюу салуулары кийинчерээк ооруканада ызы-чууну пайда кылды. Натыйжада Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов укук коргоочу менен жолугушууга аялы менен кошо бир катар укук коргоочуларга , «Азаттык» радиосунун журналистине да уруксат берди:

- Жубайы, Топчубек Тургуналиев, адвокат, Нурлан Мотуев жана сиз («Азаттык» радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов) киресиздер, азырынча. Анан калганыңар киресиңер. Күткүлө. Болбосо эч кимди киргизбейбиз, - деди коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары.

Бул жолугушууда Турсунбек Акун:

- Мени 15 күн бою органдын кызматкерлери кармап жатты. Бир жертөлөдө караңгы. Кайда экенин билбейм. Айыл жеринде болсо керек, уйлардын мөөрөгөнү угулуп атты. Мени газ берип алып кетишкен.

Мындай дооматты коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов негизсиз деп, жокко чыгарды.

Турсунбек Акундун саламаттыгына байланыштуу чогулган дарыгерлер кеңешмеси түн жарымында жыйынтыкталды. Бүтүмгө караганда, Турсунбек Акундун саламаттыгында коркунучтуу жагдайлар жок, уруп-согууларга, газдан ууланууга дуушар болгон эмес. Бирок, ооруканадан качан чыгаары тууралуу маалымат берилген жок. Ал эми ички иштер министринин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, Турсунбек Акун жаткырылган оорукана кайтарууга алынат. Муну тартип коргоо кызматы укук коргоочуну ар кандай чагымчыл аракеттерден коргоо максатында жасоодо.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG