Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Ф.Кулов А.Акаевди сотко береби?


БИШКЕК. «Ар намыс» партиясы президент Аскар Акаевдин Германиянын «Дойче вельне» радиосуна берген интервьюсуна байланыштуу президенттин басма сөз кызматына жолдогон катына жооп ала элек. Мындай маалымат бүгүн партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевден алынды. Ал эми партия төрагасы Феликс Кулов интервью тууралуу «Агым» гезитинин суроосуна берген жообунда эгер президенттин басма сөз кызматы катка негиздүү жооп бербесе президентке каршы сотко доо арыз берерин билдирди. Феликс Куловдун жообуна караганда, президент А.Акаев «Ф.Кулов темир сатып байыган, иштебей лыжа тээп жүрчү жана акчасын батышта сактачу» деген сөздөрү анын адамдык абийир, ар намысына шек келтирет.

XS
SM
MD
LG