17-декабрда Евробиримдиктин өкмөт жана мамлекет башчылары Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө баштоо -баштабоо маселесин чечишет. Еврокомиссиянын кечөөкүнкү доклады милдеттендирүүчү мүнөзгө ээ эмес; бирок анда айтылган пикирлер жана сунуштар, саммит учурунда лидерлер тарабынан эсепке алынары талашсыз. Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл ушул жумада дагы бир жолу тактап чыккандай, Анкара өкмөтү биримдик менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн максаты Түркиянын толук мүчөлүгү экенин, ошондой эле Түркия толук мүчөлүктөн сырткары эч кандай бир альтернативага макул болбой турганын билдирип келатат. Франциянын президенти Жак Ширак башкаруудагы партиянын жаңы төрагасы Саркоззйден кийин, эми алардын катарына Австриянын президенти Волфганг Счхуссел да катышып, Түркияга толук мүчөлүктүн ордуна артыкчылыкк ээ өнөктөш статусун берүү жөнүндө билдирди. Абдуллах Гүл шаршемби күнү Хаага калаасында чыгып сүйлөп, Австриянын президентинин андай деген сунушуна дегеле кам санабаганын; анткени Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө сунуш кийирген Еврокомиссиянын октябрдагы билдирүүсүн биримдике мүчө өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү колдоп чыкканын айтты. Кипрди таануу маселесине токтолуп ал, Копенгаген саясий критерийлеринде Кипрди таануу деген шарт камтылбаганын жана Түркиянын мындан аркы эч кандай жеңилдиги калбаганын билдирди.
Бейшемби күнү Европарламенттин төрагасы Йосепх Борелл, Евробиримдик-Түркия парламенттик курама комиссиянын төрагасы Йоост Лагендик жана кечөкүнкү докладды даярдаган тышкы байланыш боюнча комиссиянын төрагасы Чамилл Ералингс 3 күндүк иш сапар менен Түркияга келет.