Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

ИНДИЯ: 20 ЖЫЛ МУРДАГЫ КЫРСЫК АЗАБЫН КИМ ТАРТУУДА?


Индиянын Бопал шаарында 1984-жылдын 3-декабарга караган түнүндө дүйнөдөгү эң чоң өндүштүк - химиялык кырсык болгон. Пестицид чыгаруучу ишканадан агып чыккан уулуу газдан 7 миңдей адам каза тапкан. Индия өкмөтүнүн маалыматына караганда, акыркы жыйырма жыл мурдагы жарылуудан бөлүнгөн зыяндуу заттардан жабыркаган 15 миңдей киши набыт болду. Соңку изилдөөлөр заводдо өндүрүлгөн химиялык заттар жергиликтүү эл ичкен суунун курамында бар экендигин тастыктаган.

2-декбардын түнү Бопалдагы химиялык ишканада газ агып кеткенде, алгачкы сааттарда эле 3, 5 миңдей адам каза болгон.. Эл аралык мунапыс уюму газ кырсыгынан андан бери 22 - 25 миң адам өлдү деп санайт.Бийликтердин билдиришинче, илдетке чалдыккан адамдардын саны 800 миңдей.
Өндүрүштүк кырсык саламаттыгына “кара мөөрүн” баскан адамдардын таламын ошо күндөн бери укук коргоочу уюмдар жана өздөрү гана талашууда.
Эл аралык мунапыс уюмунун Нью-Делидеги кеңсесинин кеңешчиси Вижай Нагараждын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтышынча:

– Dow-Union Carbide корпорациясынын тынчы кетип жаткандыктан, ал өзү келип, сот алдында жооп бериш керек. Ишкана булгаган чөйрөнү тазалашы шарт. Жабыркаган адамдарга компенсацияны толук төлөп, ал түнү бөлүнгөн уулуу газдар жөнүндөгү бардык маалыматты жашырбай жарыялашы абзел. Индия өкмөтү келтирилген зыянды, анын ичинде набыт болгон жана илдетке чалдыккан адамдардын так санын, табиятка келтирилген зыяндын өлчөмүн толук эсептеп чыгышы керек. Өкмөт адилеттик бар экенине, медициналык, социалдык-экономикалык чыгымдар толук төлөнөрүнө элди ишендириши зарыл. Компанияга жана Индия өкмөтүнө койгон талабыбыз ушундай.

Вижай Нагараж Бопалдагы алааматтын 20 жылдыгына карата Эл аралык мунапыс уюму жарыялаган “Адилетсиздиктин туманы” деп аталган изилдөөнүн автору.

Отоо чөптөрдү жана мителерди жок кылуучу уу заттарды чыгаруучу ишкананын ал кездеги ээси-АКШнын Union Carbide корпорациясы жолбун уулу газ булгаган чөйрөнү тазалап, Индия өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн 470 миллион доллар төлөп берген. Бирок, бүгүнгө чейин ал акчанын жарымы гана газ алааматынан жабыркаган адамдарга таркатылган.
Бопалдын тургуну Рам Пракаш Жейн өкмөттөн алган жардамы тууралуу:

– Кырсык ченегис чоң болгондуктан, бизге берилчү компенсация эч качан жетпейт. Буерде адамдар зомбиге окшоп калышкан. Ар бир жан бир же эки илдеттен жабыр тартууда. Бизге эч нерсе жардам бере албайт. Мен аялымды дарылаганга 200 миң рупийден ашуун акча сарптадым. Мен бүгүнгө чейин 25 миң рупий гана компенсация алдым.

Индиянын 40 рупийи бир АКШ долларына барабар.

1984-жылдан 2-декабрынан 3-декабрга оогон түнү болгон өндүрүштүк апааттан жабыркаган адамдар менен иштеген уюмдун кызматкери Абуд Жаббар газга уугуп, дартка чалдыккан адамдар али көп экенине көңүл бурат:

–Бопалда адамдар өлүүдө. Алардын абалы абдан жаман. Эл натуура дарылоонун кесепетинен каза болушууда. Эмчи-домчумун дегендердин күнү тууду. Адамдардын кендирин ооруу кесип, жумуштан алагды кылып жаткандыктан, элде акча жок.

Бопалдын пестициддерди чыгаруучк ишканасы азыр аңгырап ээн турат. Бирок, укук коргоочулар менен көз карандысыз изилдөөчүлөр 20 жыл мурда агып кеткен уулуу заттардын саркындысы жер астындагы суулардын курамында али көп дешет.

Ноябрда Бопалда болгон Би-би-синин кабарчысы Пол Виккерс ээсиз калган ишканага жакын жерде жашаган адамдар ичкен суудан алып келип, Лондондогу лабораторияда текшерткен. Текшерүү суунун курамында зыяндуу заттар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылгандан 500 эсе көп экенин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG