Абхазияда октябрь айында өткөн президентти шайлоодо жумурияттын борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Сергей Бахапшты жеңип чыкты деп жарыялаган. Утулуп калган талапкер Рауль Хажимбаны колдоого алган орусиялык тарап шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Жумурият конституциясына ылайык 6-декабрде жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү каадасы өтүүгө тийиш. Эгерде андай болсо Орусия чегарасын жабат деп Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев 23-ноябрь күнү ага каршы чыккан. Аналитиктер бул жолку Маскванын поездин жүргүзбөй салуусу ошол тирешүүнүн уландысы дешет.
Айта кете турган жагдай, кечөө маалымдоо жасаган Геннадий Букаев премьер-министрге гана жардамчы эмес Орусиянын коопсуздук кеңешинин алдындагы Абхазия боюнча комиссиянын да мүчөсү. Ал 1-декабрде журналистер алдында бейшембиден тартып Москва- Сухумиге жүрчү поезд токтотулат, ал тургай, чегара жабылышы мүмкүн деди:
- Мындан ары да Багапштын жумуриятта абалды кыйындатууга себепкер болгудай, конституцияга дал келбеген олуттуу аракеттери болот экен, анда (Орусия Абхазия менен болгон – ММ) чегарасын жабат, - деди Букаев.
Бул кеп, 23-ноябрде айтылган Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачевдун опузасынын толук кайталандысы болду. Мандарин өскөн өлкө соодагерлери үчүн орусиялык базардын жабылып калышы кыйла кыжырланууну жараткан.
- Мен өлүп кала жаздадым. Ушундай да жазайбы? Эмне үчүн Орусияны жаап салышты?, - дейт Сухумиде мандаринин сата албай олтурган аял.
Өкмөттүн капилеттен кабыл алган мындай чечими Мамдума депутаттары үчүн да таңкалууну жаратты. Таанымал депутат Сергей Бабуриндин пикири:
- Бүгүнкү, азык-түлүк боюнча болуп аткан катнашты жабуу - бул өкмөттүн алган багытыбы? Мындай чечим эмненин негизинде кабыл алынды?
Ал жерде, депутаттар алдында жооп айткан, өкмөттүк өкүл Андрей Логинов орусиялык атуулдардын коопсуздугу үчүн жазалып аткан утурумдук чара экенин белгиледи.
Тбилисидеги “Азаттыктын” кабарчысы Георгий Кобаладзе билдиргенге караганда Грузиянын мамлекеттик министри Георгий Хаиндрава өзгөчө пикирин билдирген:
- Тблиси муну (Орусиянын – ММ) чегарасын жабуусун анын Абхазияда бийликти Владислав Арзинбадан кийин анын шакирти Рауль Хажимбанын кишилерине алып берүүдө жазаган аракети таш каап калганга Кремль, теригип жасап аткан кадамы деп түшүнөт деген.
Ал эми Сухумидеги биздин кабарчы Алхаз Шлыков айтканга караганда жумурият калкы да Москванын мындай кадамын башкача түшүнүп кабылдайт экен:
- Элдер, Абхазияда президентти шайлаганда калктын көпчүлүгү Москва көрсөткөн Рауль Хажимбага эмес, Сергей Багапшга таш салгандыгы үчүн аларды жазалоо максатта жасалып аткан иш дешет, - дейт биздин кабарчы.
ИТАР-ТАСС агенттиги таркаткан маалыматка караганда, Абхазия өкмөт башчысы Нодар Хашба, бейшембиде, Псоу бекетинде карантин чыкканга байланыштуу Орусия Федерациясына Абхазиядан мандарин тартып чыгууга тыюу салган.