Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

«РЕНТОНГРУППТУН» АМАНАТЧЫЛАРЫ ПИКЕТТЕ… А БИРОК, МАЙНАП БОЛОБУ?


«Рентонгрупптун» 300гө чукул аманатчысы Жогорку Кеңештин алдына жума күнү пикетке чыгышты. Алардын көбү кары-картаңдар, майыптар жана окумуштуулар.

300гө чукул адам парламенттин астында үч саатка чукул турушту. Жогорку Кеңештин депутаттары ушул күндөрү округдарында жүргөндүктөн пикетчилерге жалгыз Николай Байло гана жолукту. Депутат Байлонун айтымында, парламент депутаттары колдон келген аракеттерин жасап жатат. Жогорку Кеңештин мыйзамчылары бул маселе боюнча буга чейин эки ирет атайын «өкмөттүк саат» өткөргөн.

«Рентонгрупптун» алданган аманатчыларынын баасымдуу бөлүгүн улгайган адамдар түзүшөт. Пикетке көбүнчө пенсионерлер катышты. 60 миң сомунан айрылган Олег Анатольев атамекендик өндүрүштү колдоо максатында «Рентогрупп» компаниясын тандаганын айтат. Ал эми бул каражатты узак жылдар бою тишинин кирин соруп чогулткан экен. 65 жаштагы пенсионер Наталья Иванова болсо өкмөттүк комиссиялардан эч бир жыйынтык чыкпай жатканына кейиди:

- Николай Танаев бир нече өкмөттүк комиссияларды түзгөн менен иштеген жок. Карылардын бул маселеси дале бир орунда жылбай турат. Аманатчылардын арасында, Улуу атамекендик согуштун катышуучулары, майыптар, онкологиялык дартка чалдыккандар бар. Ал эми өкмөт болсо бул маселени чечейин деген ою да жок, - дейт 250 миң сомго жыдып калган Наталья Иванова.

Бул пикетте аты-жөнү элге таанымал окумуштуу карыя да туруптур. Ал өмүр бою чогулткан каражатынан айрылганын айтып, аты-жөнүн жарыя кылбоону өтүндү. Окумуштуу карыянын оюнда, өкмөт мүчөлөрүнүн бул окуяга түздөн түз тиешеси бар:

- Баалуу кагаз чыгарылып атканда финансы министрлиги каякты карап аткан, Улуттук банк эмне кылып атты? Алар билишкен. Баарын билип туруп анан тигини качырып жиберишти, - дейт атын атагысы келбеген окумуштуу карыя.

Пикетчилер 3 саатка чукул убакыт турушту. Анан суукка чыдабай алгач кары-картаңдар үйлөрүнө тарай башташты. Пикеттин катышуучусу Сакен Нурмамбетов мындай дейт:

- Бул компанияны басма сөз каражаттын баары абдан күчтүү, туруктуу катары туш-туштан рекламалап жатышты да. Анын бир нече киши чогулуп каражатыбызды ушул компанияга салдык. Анан облигация алып, ай сайын дивиденд алчубуз. Мындай болуп кетери ойдо жок, - дейт Сакен Нурмамбетов. Анын айтымында, алданган аманатчылардын катарындагы 70-80 жаштардагы 20 дан ашык адам каза тапты. Сакен Нурмамбетовдун айтымында, аманатчылардын көбү совет убагында 30-40 жыл бою айлыгын чогулткан завод-фабрикаларда иштегендер жана интеллигенция өкүлдөрү.

«Рентонгрупп» чатагы боюнча бүгүнкү кырдаалды билүү үчүн өкмөт мүчөлөрдөн жооп алуу аракетибиз майнапсыз болду. Премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен эки өкмөттүк комиссия түзүлдү. Азыркы комиссияны жетектеп аткан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушул күндөрү Москвада жүргөндүктөн өкмөт тараптан жооп ала алган жокпуз. Ал эми Жогорку Кеңеш бул маселеге арналган өкмөттүк угууну эки ирет өткөрдү. Парламент тез арада чара көрүүнү өкмөттөн талап кылган бир эмес эки токтому майнапсыз калды. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, жок дегенде «Рентонгрупптун» калган мүлкүн сот аркылуу аманатчыларга бөлүп берип койгондо коомдук чыңалуу азаймак. Депутаттын пикиринде, кыргыз өкмөтү жок дегенде ушул аракетти жасап койгондо аманатчылардын көңүлү тынчып калмак.

«Рентонгрупп» компаниясы аманатчыларды болжол менен 150 миллион сомго күйгүздү. Бул компаниянын президенти Эдуард Пак былтыр август айында качып кеткенден бери эл аралык издөөдө. Бул чатак боюнча Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиясынын 3-4 кызматкерине кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аларды 3-4 жылга кесип, кайра ошол замат мунапыс аркылуу бошоткон. Учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG