Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

ОРУС-ТҮРК МАМИЛЕСИ ОҢОЛОБУ?


Россиянын Президенти Владимир Путин жекшемби күнү, 2 күндүк мамлекеттик расмий сапар менен Түркияга келет.

Анкара, Евробиримдиктин лидерлеринин Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн келечеги тууралуу жыйынтык чечим чыгара турган кышкы саммитин утурлап, Россиянын президенти Владимир Путиндин тарыхый Түркия сапарына, күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен даярданып жатат. 32 жылдан кийин Түркияга келген Россиянын алгачкы президенти Путиндин иш сапары, Түркия менен Россиянын мамилелеринде жаңы бир барак ачып, чечүүчү мааниге ээ саммиттин алдында Европалык лидерлердин көңүлүн, Түркиянын стратегиялык оор салмагына буруусу күтүлөт.

Сентябрдын башында келип чыккан Бесландагы барымта кризисине байланыштуу кийинге калтырылган Путиндин, Украинадагы шайлоо кризисине туш келген иш сапарынын жүрүшүндө, аны жана ал жетектеген делегцияны Анкарада 3000 полиция кызматчысы коопсуздугун коргойт. Путин Анкарага, аялы Путина айым, ТИМ Сергей Лавров, коргоо министири Сергей Иванов, өнөр жай жана энергетика министири Виктор Кришченко, Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев жана Ингушетиянын президенти Мурат Зязиков жана башка көптөгөн орус ишкер адамдардын коштоосунда келет. Ал эки күнгө созула турган иш сапарынын жүрүшүндө, Түркиянын Президенти Ахмет Неждет Сезер жана премьер министир Режеп Ердоган менен жолугат. Эки өлкөнүн ортосунда, Коопсуздука, маалыматташуу, интеллектуалдык менчиктин корголушу, илимий изилдөө жана инвеститция тармактарына тийешелүү 6 айрым келишимге кол коюлат жана бул тарыхый иш сапар аркылуу, эки өлкөнүн мамилелеринин ‘өнүктүрүлгөн көп тармактуу өнөктөштүк’ деңгээлине көтөрүлүүсү күтүлөт. Бул максат менен Путин жана Сезер, ‘эки ара достуктун жана көп кырдуу өнөктөштүктүн орток декларациясына ’ кол коюшат. Ар эки өлкө бирдей Евразия чөлкөмүнө таандык экенинин асты сызыла турган декларатцияда айрыкча алганда, дүйнөлүк туруктуулук жана коопсуздуктун ишине эки өлкө кошо алчу салымдарга басым жасалып, БУУнун глобалдык кадыр-барктуулугунун кайра күчөтүү тууралуу сөз жүрөт. Путиндин Анкарада өткөрө турган сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы, Босфор кысыгындагы мунай кыймылы, экономикалык, аскерий кызматташтык ошондой эле Кавказ менен бир катарда регионалдык маселелер турмакчы.

Түрк тарап, кысыктардан өткөн мунай кыймылынын жыштыгы тууралуу даттануусун дагы бир жолу ортого коюп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Россиядан Кипр тууралуу жардам суранат. Россия болсо, өзгөчө теги кавказдык түрк жарандарынын Кавказдагы иш-аракеттерине тынчсыздануу билдирет.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин кыймылдакыч күчү соода болуп калды. Түркия табыйгы газ боюнча Россиянын башкы клиенттеринин бири жана Россиянын мунай экспортунун 30 пайызына жакын бөлүгү Түркиянын 13 миллион адам жашаган метрополу Истамбулду экиге бөлгөн Босфор кысыгы аркылуу ишке ашат. Ал эми, Түркия орус туристтер үчүн ‘магнеттик мейкиндике’ айланып калып, туризм кирешелери жагынан Россия Германиядан кийинки экинчи орунда турат. Өткөн жумада Москвада иш сапарында болуп кайткан Түркиянын тышкы соода министири Күршат Түзмендин жуманын акырында билдирүүсүнө ылайык, өз-ара сооданын көлөмү өткөн жылга салыштырганда быйыл 65 пайызга өсүп 11 миллиард долларды түзгөн, ошондой эле, алдыдагы 3 жылдын ичинде болсо 25 миллиард долларга көтөрүлүүсү күтүлөт.

Путиндин делегациясынын курамындагы коргоо министири Сергей Иванов түрк кесиптеши Вежди Гөнүл менен көрүшүп, эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташтыкты өөрчүтүүнүн маселелерин талкууга алынат. Маалыматка карганда, Орус тарап Түркияга аскерий жабдык жана ок-дүрмөт берүүнү; биргелеше курал жана жабдык өндүрүүнү; ошондой эле, орус-израиль дизайнындагы КА-50 Ердоган тибиндеги согуштук тик учурларды Түркияда лицензиялуу түрдө өндүрүп, аны үчүнчү өлкөлөргө сатуу маселелерин сунуш кылат.

XS
SM
MD
LG