Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 19:58

Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 12-декабрда өткөрүлөт


Румыниянын Конституциялык соту бүгүн оппозициянын арызын четке кагып, 28-ноябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктарын жокко чыгаруудан баш тартты. Соттун айтымында, бурмалоолордун натыйжасында жыйынтыктар орчундуу өзгөрүп кетсе гана алар жокко чыгарылууга тийиш. Биринчи эки орунга премьер-министр Адриан Настасе менен оппозициялык талапкер Траян Башеску чыккан жана экинчи айлампа эми 12-декабрда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG