Соттун чечими чыгаары менен жасаган билдирүүсүндө АКШы мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер эми украин эли үчүн алдыда боло турган добуш берүүнүн ачык, адилет жана эркин болуусун камсыз кылуу, алдоого жана будамайлоого жол бербөө милдети турганын баса белгиледи.
Aзыр создуктурбастан ыкчам аракеттенип, жаңы добуш берүүдө украин элинин чыныгы мүдөөсү менен каaлоосун чагылдыруусун камсыз кылуу милдети турат,-деди Баучер.
Баучер ошондой эле Украинадагы шайлоого Еврошаркетти, АКШнын жана Россиянын кызыгуусу чоң экенин белгилеп, бирок мамлекет башчысын тандоо укугу менен вазыйпасы украин элинин өзүнө гана таандык экенине дагы бир жолу басым жасады.
Жогорку соттун чечимин Еврошаркет да колдоп, Украинадагы саясий кризистин тез арада жөнгө салынаарына үмүтүн билдирди. Ал эми Россия соттун чечимине мамилесин айта элек. Буга чейин Россиянын жетекчилиги АКШны, Еврошаркет менен ОБСЕни Украинадагы элди козутуп, өлкөдөгү баш аламандыктарга шыкакчы болуп жатат деп айыптап келген.
Соттун чечимине баш ийип, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун дагы бир айланпасын 26-декабрга белгиледи. Борборшайлоокомдун бул чечимине удаа президенттикке талапкер, өкмөт башчы Виктор Янукович шайлоонун эмки туруна катыша турганын жарыялады. Анын өкүлү Анна Герман соттун чечими үлкөн саясий кысмак алдында кабыл алынганына карабастан, Янукович шайлоонун жаңы айланпасына катыша турганын айтты.
Украинанын премьер-министри Виктор Янукович Жогорку соттун чечимин урматтайт, ал сот өз чечимин саясий кысмак менен кабыл алды, бул конституциялык норманы одоно бузуу, деп эсептейт. Бирок ошого карабастан Янукович шайлоого катышат,-деп айтты Герман.
Ал эми Виктор Ющенконун миңдеген тарапкерлери соттун чечимин жеңиш катары кабыл алышты. Жума күнү кечинде Киевде миңдеген адамдар өлкөнүн ыр ураанын ырдап, түндүн бир оокумунуна чейин шапар тээп жатты. Мөөрөйү колуна тийип, кубанган адамдар борбордук аянттар менен көчөлөрдө чака-чайнектерин калдыратып, ырдап, бийлеп, ураан чакырып турду.
Соттун чечими жарыяланган соң мекендештерине кайрылган Виктор Ющенко чечимди шайлоо өткөн 21-ноябрдан бери күн-түн дебей, кыштын суугуна кайыл болуп, митинг өткөрүп жаткан миңдеген украиндердин, "саргылжын революциянын" жеңиши катары сыпаттап, өзүнө колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылыгын билдирди. Украин оппозициясы эми өзүн ашкерелеген борборшайлоокомду таркатып, анын ордуна жаңы комиссия шайлоону, өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда.
Биз берген антын бузуп, миллиондогон украиндерди алдаган борборшайлоокомдун таркатылуусун талап кылабыз, - деди Ющенко.
Жогорку соттун чечими Украинанын баардык эле саясий топторун ынандырып жиберген жок. Депутаттардын Бүткүл Украиналык курултайы Янукович менен Ющенкону 26-декабрга белгиленген добуш берүүгө катышпоого үндөдү. Украинанын бир нече областынан Харьковго чогулган делегаттар соттун чечимин "ашкере саясатташтырылган" деп сыпаттап, Леонид Кучмадан аппеляциялык арыз менен Конституциялык сотко кайрылуусун талап кылды.
Украин парламенти шайлоого байланышкан маселелерди талкуулоого киришкен чакта, Киевде митингдер уланууда. Демонстранттар өкмөттүк обьектилерди, анын катарында, президенттик администрациясынын, министрлер кабинетинин кеңселерин дагы эле тосмолоодо. Киевдин борбордук аянтында миңдеген жарандар украин парламентинин чечимин күтүп жатат.