26-декабрдагы добуш берүүнүн калыс болушун камсыздоо максатында Ющенко шайлоо мыйзамына айрым алымча-кошумча киргизүүнү сунуш эткен эле. Бирок ишембиде Верховна Рададагы өкмөтчүл фракциялар аталган реформаларга каршы добуш берип, парламент аны 10 күндөн киийн кайра карамай болду.
Ющенко өз тарапкерлерине кайрылып, реформалар жактырылмайын, нааразылык акциясын уланта берүүгө үндөдү:
Биздин 3 талабыбыз бар. Парламентитин имаратына жана президенттин кеңсесине карай жүрүш жасап, алардын аткарылышын талап кылабыз. Алар орундалмайын, курчоону уланта беребиз.
Шайлоо мыйзамын өзгөртүүдөн тышкары оппозиция жаңы Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүнү, Виктор Януковичтин өкмөтүн отставкага кетирүүнү талап кылууда. Ющенко шайлоо маалындагы ар кандай бурмалоолорго бөгөт коюуну көздөгөн өзгөртүүлөрдү параламент эң кеч дегенде шаршембиге чейин кабыл алууга тийиш деп билдирди. Анткени, аларды ишке ашырууга убакыт талап кылынат, 26-декабрга болсо аз эле күн калды, - деди Ющенко.
Ющенко сунуш эткен түзөтүүлөргө ылайык, шайлоого келбей калгандарга добуш берүү жана участкаларга барбай туруп, үйдөн шайлоо практикасы жоюлмакчы. Андан тышкары ар бир шайлоо комиссиясына оппозициянын өкүлдөрү да кирүүгө тийиш.
Президент Кучма өз кезегинде конституциялык өзгөртүүлөрдү тездетүүнү сунуш этип жатат. Оппозиция болсо шайлоону Ющенко жеңип чыгат деген үмүт менен, бул маселени 26-декабрдан кийин караш керек деген көз карашын кайталап келатат. Кучма мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын чектеп, алардын айрымдарын парламентке өткөрүп берүүнү көздөөдө. Атап айтканда, президент өкмөт башчы, коргоо жана тышкы иштер министрлеринен тышкары калган жогорку жетекчилерди дайындоо укугунан ажырап калмакчы. Мамлекет башчы аталган 3 кызматка өз кандидатураларын сунуш этип, алар депутаттар тарабынан жактырылууга тийиш . Парламент дагы бул кызматтарга өз талапкерлерин көргөзө алат.
Дүйшөмбүдө кабинеттин мүчөлөрү менен жолугушуп жатып, Кучма бул саясий реформалар оппозициянын талаптарына жакшы жооп болот деп билдирди:
Oппозиция өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылууда. Ошондой болсо, конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Анадан кийин ошол түзөтүүлөрдүн негизинде жаңы өкмөт курала баштайт.
Президент бул демилгесин дээрлик бир жыл мурун көтөргөн. Аналитиктер 10 жылдык башкаруу мөөнөтү соңуна чыгып келаткан Кучма аталган реформалар аркылуу өз таасирин сактап калууну каалайт дешүүдө.
Белгилүү оппозициялык саясатчы Юлия Тимошенко Кучма жеңилгендигин мойнуна алды дешке эртелик кылат деп эсептейт:
Саясий сахнадан чегинип жаткан Кучма бийлигинен тынч кетпей турганына көзүм жетип турат.
Украина боюнча адис, Британиядагы Бирмингэм университетинин аналитиги Катарина Волчук, Ющенко башындагы оппозиция кыйын абалга кептелгенин белгилейт:
Оппозиция конституциялык реформаларга макул болсо, шайлоо мыйзамына түзөтүүлөр киргизилип, адилет шайлоого кепилдик алынат, ошол эле мезгилде президенттин бийлиги чектелүү болуп калат. Ал эми андай болбогондо, 21-ноябрдагы мыйзам бузуулар 26-декабрда да кайталанышы ыктымал.