Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

ООГАН ПРЕЗИДЕНТИ АНТ БЕРДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 7-декабрде Ооганстандын демократиялык эркин шайлоодо тандалган алгачкы президенти ант берди. Ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Хамид Карзай өлкөдөгү чар жайыт согушкер топторду келерки беш жылдын ичинде куралсыздандырууга, маң затка каршы чечкиндүү чара көрүүгө жана Ооганстандын ар түрдүү этник топторунун биримдигин бекемдөөгө убада берди.

46 жаштагы Карзай 9-октябрда өткөн шайлоонун биринчи эле айланпасында шайлоочулардын 55,4 процентинин добушуна ээ болуп, жеңип чыккан.
Хамид Карзай оң колун Куранга койуп, Ооган жогорку сотунун төрагасы Малави Шинвари айткан анттын текстин кайталап, өлкөдө ислам дининин баалуулуктарын сактоого, Конституциянын гаранты болууга сөз берди.

Мен ооган элинин кызыкчылыкитары менен укуктарын коргойм. Алланын амири жана элдин колдоосу менен өлкөнүн өнүгүүсү жана жыргалчылыгы үчүн кызмат кылам. Бул иштин өтөлүнө чыгуу үчүн Алланын жардамын сурайм,- деп ант берди Хамид Карзай.
Карзай анын өкмөтү келерки беш жылдын ичинде чар жайыт согушкер топторду куралсыздандырып, апийим өстүрүүнү бүткүл өлкөнүн аймагында токтотууга, жакырчылык менен коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө, 20 жылдан ашык убакыт жүргөн ички согушта тып-тыйпылы чыгып, талкаланган эл чарбасын кайра калыбына келтирүүгө сөз берди.

Келерки жылдын апрель айына белгиленген парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү эбегейсиз чоң эмгекти, калктын ички биримдиги менен ынтымагын талап кыла турганына шилтеме кылып, Карзай терроризмге каршы күрөш али бүтө электигин баса белгиледи. Бул иштин өтөлүнө чыгуу үчүн өлкөнүн региондорунун алкагында жана эл аралык дэңгээлде кызматташуу абзел, деди Карзай.

Сөзүнүн бул жеринен Карзай Ооганстандын түркөй диний режим өз билгениндей калчаган өлкөдөн президентин демократиялык жол менен тандап алган мамлекетке чейин өсүп жетилүүсүнө эбегейсиз чоң салым кошкон АКШга ыраазычылыгын билдирди.

Бизди ушул тынчтык күнгө, демократияга жана бүткүл бийлик элдин колуна өткөн күнгө чейин жеткиргени үчүн биз Америка Кошмо Штаттарынын элине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- деди Карзай.

Ооган президентинин ант берүү аземине дүйнө өлкөлөрүнүн бийик мартабалуу өкүлдөрү менен бирге АКШнын вице-президенти Дик Чейни жана коргоо министри Доналд Расмфелд катышты. Карзайга жана Ооган элине айткан куттуктоо сөзүндө вице-президент Дик Чейни Америка жана анын жетекчилиги ооган элинин бүгүнкү кубанычына чын жүрөктөн ортоктош экенин билдирди.

Зомбучул режим кетти, террористтердин мизи кайтарылды, ооган эли азатка чыкты. АКШ жана биздин коалициябыз Ооганстандын эр жүрөк жарандары менен бирге ооган элин бошотууга катышканы үчүн абдан сыймыктанат. Биз Ооганстандын тынч, туруктуу жана азат келечегин курууга мындан ары да көмөктөшөбүз,- деп сөз берди Чейни.
Ант берүү аземи учурунда Медресенин окуучусу Кари Баракаттулла Салеем Куран окуду. Андан соң ооган балдары чакан концерт беришти.

Ант берүү аземи күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өткөрүлдү. Кабулдагы салтанатка катышуу үчүн келген 27 өлкөнүн мартабалуу өкмөт өкүлдөрү менен элди ооган аскерлери жана антитеррордук коалициянын солдаттары күзөтүп турушту. Кабул бул күнү абадан да жерден да катуу көзөмөлгө алынды.

XS
SM
MD
LG