Түркия, Евробиримдикке мүчө болуу жараянынын финалдык этабына, биримдик койгон жаңыча талаптардын жана Анкарада жогорку бийлик бутактарынын өз-ара ургаалдуу сүйлөшүүлөрүнүн коштоосунда кирди. Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн тагдыры чечилүүчү, Евробиримдиктин лидерлеринин, 17- декабрдагы саммитине саналуу күндөр гана калды. Саммит үчүн даярдалган корутунду документтин долбоорунун, өзгөртүүлөр киргизилген кийинки редакциясы, Түркия талап кылган өзгөртүүлөрдү камтыш нары турсун, биринчисине салыштырмалуу алда канча катуурак мүнөздө иштелип чыгып, анда Түркиянын алдына жаңыча шарттар коюлушу, Анкаранын катуу реакциясын пайда кылды.
Шейшемби күнү Президент Ахмет Неждет Сезердин жетекчилиги астында жана Премьер- Министир Режеп Ердоган, тышкы иштер иинистири Абдуллах Гүл , армиянын штабынын колбашчысы генерал Хилми Өзкөк ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министирлигинин чиновниктери катышкан ‘чоң жыйыны’ өткөрүлдү. Жыйындан кийин жарияланган билдирүүдө, Түркия өзүнө жүктөлгөн бардык шарттарды аткарганы баса белгиленип, Евробиримдик өлкөлөрүнөн, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө эч кандай кошумча талап коюлбаган түрдө, эмки жылдын аралыгында башталуусу тууралуу токтом бекитүүлөрү талап кылынды. Бул- Түркиянын калкынын адилет талабы экени баяндалып, билдирүүдө андан ары, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жараянынын бүлүнбөй сакталып калуусу чоң мааниге ээ экенинин асты сызылды.
29- ноябрда Евробиримдиктин кезектеги төрагасы Холландийа тарабынан иштелип чыккан, ошондой эле, 17- декабрь саммитинде жарыялануучу корутунду документтин долбоорунун алгачкы вариантына карата Түркия көргөзгөн редакциянын, долбоордун кийинки вариантында чагылдырылбай калышы, башкаруудагы өкмөттү аябай нааразы кылды. Түркиянын тышкы иштер министири Абдуллах Гүл, долбоорду өзүнө тапшырган Голландиянын Европа маселелерине жооптуу министири Атзо Николаи менен алдын ала пландаштырылган маалымат жыйынын алып салды. Өкмөт ошондой эле, долбоорго карата нааразычылык билдирген катын Голландиялык министирге тапшырды. Өкмөттүн турумуна оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясы дагы колдоо көрсөтүп, анын лидери Дениз Байкал Голландилык конок министир менен болуучу сүйлөшүүсүн алып салды. Өзүнүн партиясынын парламенттеги тобунун алдында чыгып сүйлөгөн Байкал, “Түркия, Евробиримдикке толук мүчөлүккө алып баруучу сүйлөшүүлөрдөн сырткары, биримдиктен ар кандай сунуштарды четке кагуусу керек” экенин баяндады. “Түркия биримдикти урматтайт бирок, Түркия эч качан биримдиктин ‘колуктусу’ болушту көтөрө албайт. 17- декабрда Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө баштоодон сырткары бир чечим кабыл алынса, бул-Түркияны кенебегендик-кордогондук болор эле” деп билдирди оппозциялык ЖКП-нын лидери Дениз Байкал.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген долбоордо, мүчөлүк сүйлөшүүлөрү башталабы же жокпу; башталса качан башталат? деген маселелерди чечүү, саммитти өткөрө турган лидерлердин эркине коюлуп, ‘Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрдү камтый алуу жөндөмдүүлүгүнө’ шилтеме жасалган. Анда ошондой эле, Түркиянын алдына бир катар жаңы техникалык мүнөздөгү талаптар коюлган. Бейшемби күнү Брюссель калаасына сапарга аттана турган Түркиянын Премьер- Министири Режеп Ердоган, долбоордун жаңы редакциясы менен байланыштуу өкмөттүн көз-карашын жана сын пикирлерин, Голландиянын Премьер-Министри Йан Петер Балканендеге билдирүүсү күтүлөт.
Кийинки учурларда башкаруудагы өкмөт, Евробиримдиктин талаптарын аткарам деп, тышкы саясатта ченемсиз жеңилдиктерге барып жаткандыкта сындалып жатат. Премьер-Министр Режеп Ердоган кечөө партиясынын жыйынында айткан сөзүндө, андай деген сындоолорду четке кагып;
“Дүйнөдөгү бардык элдердин алдында, башыбыз тике, бешенебиз ачык” деди. “Кудайга шүгүр мынан эки жыл мурда Түркияны чүмбөттөгөн кара булуттар таркалды” деп Ердоган, ишке ашырылган реформалар –айрым чөйрөлөр доо кылгандай—тышкы динамикаларга ыктап жасалбаганын билдирди. Өкмөттүн саясаты, бүгүн Анкарада жүздөгөн адамдар катышкан демонстрция аркылуу да сынга алынды. Кызыл желектерди көтөрүп, полицияга таш жана шишеге керосин коюлуп жасалган бомбаларды ыргыткан солчул багыттагы демонстранттар өкмөттү, Евробиримдиктин талаптарына моюн ийип өлкөнүн башкы мыйзамын алмаштыргандыгын айыпташты. Кагылышуу келип чыгып, полиция 32 кишини кармап кетти.