Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ЛАВРОВ МЕНЕН ПАУЭЛЛ КАЙЫМ АЙТЫШЫ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү София шаарында, европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмга кирген мамлекеттер тышкы иштер министрлеринин эки күнгө созулган олтуруму аяктады.

Алар 26-декабрде президентти шайлоонун экинчи айлампасын кайра өткөрүүдө адилет жана жашырып жаппай добуш берүүгө жаатташтарын үндөө үчүн украиндик саясий партияларга кайрылуу жаcаганы атышкан. Бирок ал орусиялык тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бут тозуусунан улам кабыл алынбай калды. Орусиялык делегациянын айтымында, батыш өлкөлөрү бул аймакта Киевдин эмес эле өз кызыкчылын коргоонун алакетинде. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл журналисттер алдында айткан пикиринде, Америка жана анын союздаштары бир гана өз эркиндиги үчүн күрөшүп аткан украин элинин кызыкчылыгын коргоп аракет жазашууда.

“Коммерсант” жазганга караганда:

- Бул Орусия менен батыш ортосунда, Владимир Путин эки апта мурда Лиссабон калаада, айткан кычык сөздөн улам пайда болгон кайым айтыштын жеткен жери. Колин Пауэллдин жообу ошон үчүн ал жерде олтурган Сергей Лавровго эмес орусиянын президентине багытталган.

Ал жолу, так айтканда, 23-ноябрде, Владимир Путин иш сапары менен Португалияда жүрүп ошол жерде журналисттер алдында Украин маселеси боюнча пикир айткан. Ал күнү ЕККУ тышкы иштер министрлери жаcаган украиндик президентти шайлоодогу кемчиликтер боюнча кайрылууга орусиялык лидер мындайча жооп айткан:

- Кимдир бирөөлөр мындан ары да ЕККУну өзүнүн саясий мүдөөсүнө жетүүчү апсап катары пайдалана турган болсо анда бул уюм мындан ары эл аралык сахнада ойночу ролунун беделин такыр жоготот, - деген болуучу орусиялык лидер.

Украинадагы саясий кризисти москвалык саясий жаат батыштын колунан келип аткан иш катары баалашууда. Ошондуктан Москва ал уюмду (ЕККУну-ММ) таркатууну да сунуштап атат. Маселен, орусиялык министр Сергей Лавров мындай ойду болгариялык “24 саат” гезитине берген маегинде айтат. Ал эми көпчүлүк журналисттер астында София калаасында ал андан жумшагыраак пикир айткан:

- ЕККУну анын бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн, алардын теңдик жана бирдей укугунун кепили болуп кызмат өтөгүдөй чыныгы натыйжалуу, биргелешкен апсапка айлантуу же ЕККУну өзүнүн составы жагынан чакан уюмга айлантуу биздин колубузда, - дейт Сергей Лавров.

Кыйла жылдан бери ЕККУ менен кызматташып келе жаткан Москва мурдагы советтик өлкөлөр үстүнөн болуучу кызыкчылыгынан улам тетири карап кетмек болуп атат дешет. Андай көрүнүштү анализчилер, Украин, Молдова жана Грузияда саясий күрөштө байкашканын белгилешет.

Ал эми София калаада Американын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл айткан кеби мындай чыкты:

- Биз Орусияда кырдаалдын өнүгүп баратышын айрыкча сөз эркиндиги жана укук коргоодогу абалды көрүп туруп, тынчыбыз кетип атканын жашыра албайбыз. Мындай көрүнүштүн эң жеткен мисалын биз Беларусиядан көрөбүз. Ал ЕККУга мүчө болсо да бул уюмдун адам укуктары, демократия жана мыйзамдуулук принциптерин сыйлабайт. Кайсы бир өкүлдөр, бул жерде, азыр эле ЕККУ көз салуучуларынын ишин ал өлкөлөр ички ишине кийлигишүү деп белгилешти. ЕККУ мурдагы советтик жумуриятарга карата эки жүздүүлүк менен мамиле жасалат дешти. Андан саясий пайда табыш үчүн жасалат дешти. Мен мындай ойго таптакыр кошула албаймын. Өзүнүн фундаменталдуу эркиндикги, демократиясы жана мыйзам бийлигинин урматталышы үчүн кол коюшкан ЕККУнун бардык мүчөлөрү эгерде андай көрүнүш болсо андан тынчсызданууга укуктуу, - деди Колин Пауэлл

Орусиялык профессор Алексей Малашенконун пикири боюнча:

- Орусиялык саясий элитанын Украинага болушам деп эл аралык уюмга тил кайруусу аны акыры жалгыз калууга дуушар кылат, - дейт анализчи.

XS
SM
MD
LG