Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

ӨЗБЕКСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСАТТАГЫ ОРДУ КАНДАЙ?


Шайырбек Мукарамов, Прага 26-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт. Өлкөнүн оңдоп-түзөөтүүлөр киргизилген шайлоо мыйзамына ылайык парламентик шайлоого катышкан талапкерлердин 30 пайызын аялдар түзүүгө тийиш.

Талапкерлерди каттоонун жыйынтыгында шайлоого катышчу беш партия тең бул талапты аткарганы белгилүү болду. Бирок, айрым эксперттер менен байкоочулар аял талапкерлер шайланып калса алар өлкө саясатында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасап жиберишине ишене бербейт.

Шайлоо күнүнө бир ай калганда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Сайора Хожаева парламент депутаттыгы үчүн катталган талапкерлердин 31 жарым пайызын аялдар түзөөрүн жарыялады

Либерал-демократиялык партиясынын 32.7, Өзбекстан Улуттук Демократиялык партиясынын 30.5, «Фидокарлар» партиясынан 32.5, Улуттук өнүгүү партиясынын 32.7 пайыз талапкерлери аялдар. Мындан «Адолат» партиясы эң көп көрсөткүчкө жетишип, бул партиядан катталган аял талапкерлер 36.1 пайызды түздү.

Минтип аялдарга мыйзамдуу түрдө атайын орун бөлүнүшү ар кандай пикирлерди пайда кылууда. Байкоочулардын айтымында, өзбек бийликтери муну гендер саясатындагы жетишкен ийгилик катары баалоодо.
Өзбекстандагы ишкер аялдар ассоциациясынын жетекчиси Дилдора Алимбекова мындай саясат азыркы учурда абдан зарыл деп эсептейт.

Албетте, азыркы өткөөл мезгилде мындай жөрөлгө абдан зарыл. Экономикалык реформалар ишке ашып, коом толук демократиялашкан учурда балким бул нерсе маанисин жоготор. Бирок, азыркыдай шартта аялдарга карата мындай саясат жүргүзүү өтө зарыл.

Ал эми Ташкендеги «Аялдар ресурстук борборунун» башчысы Марфия Токтохожаева муну формалдуулук деп эсептейт:

- Бул орун өзбек бийликтери аялдарды басмырлоонун бардык түрүн жоюу боюнча эл аралык конвенцияга кол койгону үчүн гана берилип отурат. Аталган документте аялдардын саясатка көбүрөөк аралашуусу да белгиленген. Мындай саясат эл аралык коомчулуктцн алдында “биз аялдарды урматтайбыз, карагылачы, бизде канча аял депутат бар” деп актаныш үчүн гана жасалып жаткандай. Бул жерде кеп алардын деңгээли жөнүндө болушу керек. Менимче көпчүлүк шайлоочулар болочоктогу депутат аялдарга, кала берсе, жаңы парламентке да анчейин ишеним артышпайт.

Ташкендик эркин социолог Бахадыр Мусаев болсо аялдарга отуз пайыздык орун берилгени менен аял талапкерлердин баары шайланып кетишинен күмөн санаган ойдо.

Бир жагынан алганда, бизде гендердик проблема болгон үчүн аялдарга 30 пайыздык орун берилип жатат. Бирок, бул жерде маселе аялдардын саясий мүмкүнчүлүгүндө. Биздеги элдик менталитет жана аялдарга болгон мамиле да маанилүү ролду ойноорун унутпашыбыз керек.


Мындай ойго кошулган Марфиа Токтохожаеванын пикиринде, өзбек коомунда аялдарга болгон эски стереотип абдан күчтүү. Көпчүлүк али аялдар адегенде үйдөгү өз милдетин аткарыш керек деген ойдон чыга элек. Ошону менен катар эле Токтохожаеванын айтымында, аял депутат болобу, эркек депутат болобу баары бир алар эч нерсени чече албайт

- Анткени бизде шайлоолор альтернативасыз өтөт. Аял шайланабы, эркек шайланабы баары бир алар эч нерсени чече албайт. Не дегенде депутаттык үчүн ат салышып жаткан аял талапкерлер кайсы бир партиянын атынан чыгууда. Ал партиялардын баары бийликтин чөнтөк партиялары. Алар жогортон эмне айтылса ошону гана жасайт, - деген пикирин билдирет Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдун өкүлү Марфиа Токтохожаева

XS
SM
MD
LG